Автор: Маалыматтык саясат сектору
8 Август 2025 ж. 21:57
Көрүлдү: 485
2025-жылдын 8-августунда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» Эл аралык университетинде «Жаш изилдөөчүлөр» илимий лагери ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Бул өзгөчө илимий-билим берүү программасы 11 күнгө созулуп, 28-июлдан баштап өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып алынган 24 окуучу катышты.
Лагерге катышууга республика боюнча 400гө жакын арыз түшүп, алардын ичинен илимге болгон кызыгуусу жана изилдөө потенциалы эске алынуу менен 24 мыкты окуучу тандалган.
Катышуучулар 8 командага бөлүнүп, экология, климат, таштанды маселелери жана суу ресурстары боюнча актуалдуу темаларда илимий изилдөөлөрдү жүргүзүштү. Жалпы жонунан 8 илимий эмгек даярдалып, ар бир команда өз изилдөөсүнүн жыйынтыгын жыйынтыктоочу симпозиумда сунуштады.
Лагердин негизги максаты — окуучуларда илимге болгон кызыгууну арттыруу, аналитикалык жана практикалык изилдөө көндүмдөрүн калыптандыруу, ошондой эле жаштардын экологиялык аң-сезимин жогорулатуу болду.
Программа Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, «Маариф» фонду, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, «Ала-Тоо» Эл аралык университети жана Улуттук илимдер академиясынын алдындагы Жаштар кеңеши тарабынан биргелешип уюштурулду.
Жыйынтыктоочу иш-чарада катышуучулар өз илимий иштерин сунуштап, талкууларга активдүү катышышты. Ошондой эле Агартуу министрлиги өнөктөштөрү менен биргеликте аларга программага катышкандыгы тууралуу сертификаттарды тапшырды.
«Жаш изилдөөчүлөр» илимий лагери өлкөнүн келечектеги илимий кадрларын тарбиялоодо маанилүү этап болуп, жаш илимпоздордун потенциалын ачып, аларды мындан аркы илимий изденүүлөргө шыктандырып, илим менен билимдин өнүгүшүнө салым кошуу үчүн шарттарды түздү.