ТОҢ РАЙОНУНДА БАЛА БАКЧАГА БАРГАН БАЛДАРДЫН САНЫ 60 ПАЙЫЗГА ЖЕТКИРИЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

5 Август 2025 ж. 12:32

Көрүлдү: 477

2025-жылдын 5-августунда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтууга арналган жыйын өттү. Иш-чарада 2025-жылдын аягына чейин райондогу балдарды бала бакчага камтуунун деңгээлин 60 пайызга жеткирүү максаты коюлду.

post.title

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин өкүлдөрү, акимдин орун басары Жашымбек кызы Гүлбүбү жана төрт айыл өкмөтүнүн башчылары катышты.

Министрликтин өкүлдөрү балдарды бала бакчага кабыл алуу процесси, анын артыкчылыктары жана бала бакчага барган балдардын сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Өз кезегинде айыл өкмөт башчылары бала бакчалардын жетишсиздигин жоюу, жаңы орундарды түзүү жана инфраструктураны жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушту.

Акимдин орун басары Жашымбек кызы Гүлбүбү жыйында сүйлөп жатып, 2025-жылдын соңуна чейин Тоң районунда бала бакчаларга камтуунун деңгээли 60 пайыздан ашарын белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар