Автор: Маалыматтык саясат сектору
4 Август 2025 ж. 15:40
Көрүлдү: 615
Өлкөнүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында жайгашкан "Санат" ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп жаткан "Жаңылыктын жарчысы" педагогикалык форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.
“Биз бир багытта бара жатабыз. Бул багыт – Алтын Казык. Белгилүү болгондой, бул жылдыз көчмөндөр үчүн компас болгон. Дүйнөдө бир гана миссия бар, ал – сапаттуу муунду тарбиялоо. Биз муну эч качан унутпашыбыз керек.
Биздин негизги багытыбыз – бала жана билим берүү. Баарыбыз ушунун айланасында биригишибиз керек. Президент толук колдоо көрсөтүп жатат. Финансылык жана технологиялык колдоо бар. Биз бул ишенимди актоого тийишпиз.
Бүгүн мектеп директору өзүнүн миссиясын так түшүнүшү керек. Директор – лидер. Ал ишти уюштуруп, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун таба билиши, жамаатта ынтымакты камсыздашы зарыл.
Кадрларды тандоо да толук санариптик форматка өтөт. Биз тематикалык-календардык планды да даярдап койдук. Бул – бир жагынан чоң жеңилдик, экинчи жагынан чоң жоопкерчилик.
Сиздер – жаңылыктын жарчысысыздар. Завуч – мугалимдердин ишин уюштурган, көзөмөлдөгөн жана баалаган негизги фигура. Мугалимдердин жетишкендиктерин биз онлайн баалайбыз. Жалпы тестирлөө, олимпиадалар да онлайн өтөт. Андыктан ар бириңиздер жаңы билимдин ээси болушуңуздар керек.
Завучтар 12 жылдык билим берүүгө өтүү мезгилинде мугалимдерге колдоо көрсөтүшү керек. Ошондой эле ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Башкача айтканда, коркууга негиз жок. Биз дайыма жаныңыздарда болуп, жардам берүүгө даярбыз.”
Белгилей кетсек, "Жаңылыктын жарчысы" педагогикалык форуму 2025-жылдын 14-августунда жыйынтыкталат. Бул форумга өлкөнүн булуң-бурчунан келген мектеп директорлорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басарлары, ошондой эле Агартуу министрлигинин жана министрликке караштуу мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери, тренерлер жана эксперттер катышууда.