Автор: Маалыматтык саясат сектору
4 Август 2025 ж. 12:36
Көрүлдү: 442
🏅 2025-жылдын 27-июлунан 3-августуна чейин Боливиянын Сукре шаарында өткөн XXXVII Эл аралык информатика олимпиадасында (IOI) Кыргызстандын улуттук командасы 2 коло медаль жеңип алды.
🌍 Бул олимпиадага 84 өлкөдөн 330 окуучу, анын ичинде Кыргызстандан 3 окуучу катышты.
🥉 Коло медалга "Сейтек STEM" мектебинин 11-классынын окуучусу Алихан Айдарбеков менен Ош шаарындагы Сема лицейинин 9-классынын окуучусу Абдуллахан Абдирасулов ээ болду.
🎖️ Ош шаарындагы Сема лицейинин 9-классынын окуучусу Али Арапов Ардак грамота менен сыйланды.
👨🏫 Окуучуларды даярдаган тренерлер:
⚪ Кылычбек Урайымов
⚪ Айдар Мундузбаев
⚪ Тенгиз Беккойонов
📊Жалпы командалык орточо упай боюнча Кыргызстан 33-орунду ээлеп, өзүнүн билим деңгээлин дүйнөлүк деңгээлде тастыктады.