Автор: Маалыматтык саясат сектору
31 Июль 2025 ж. 13:58
Көрүлдү: 510
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн атайын адаптацияланган билим берүү программасын жана өзгөчө муктаждыктары бар балдарга бирдей жана толук кандуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган инклюзивдик билим берүү программасын иштелип чыгууда.
Программаларды иштеп чыгууга Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү – Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери жана бала бакчалардын логопеддери, дефектологдору ж.б. адистер тартылган.
Министрликтин бул демилгеси билим берүүдө инклюзивдүүлүктү камсыз кылууга жана өзгөчө муктаждыктары бар балдардын билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган.