Автор: Маалыматтык саясат сектору
29 Июль 2025 ж. 16:58
Көрүлдү: 2105
2025-жылдын 1-сентябрынан тартып заманбап санариптик технологиялардын негизинде түзүлгөн жаңы форматтагы “Тунгуч” онлайн мектеби өз ишин баштайт.
5-11-класстардын окуучулары онлайн окутууга кабыл алынат.
Ата-энелер талап кылынган документтердин тизмеси жана кошумча маалыматтар менен https://tunguch.kg/ расмий сайты аркылуу тааныша алышат.
Документтерди кабыл алуу Бишкек шаары, Токтогул кѳчѳсү 68 дареги боюнча жүргүзүлѳт, ошондой эле онлайн режимде дагы кабыл алуу болот.
2025-жылдын 1-августунан тартып:
- Ата-энелер менен расмий келишимдер түзүлөт;
- Окуучулар электрондук мектеп платформасына катталышат.
Окуу мазмуну жана даярдык:
- Электрондук окуу китептери жаңы мамлекеттик стандарттарга ылайык жаңыртылууда, тиешелүү электрондук материалдар 2025-жылдын 30-августуна чейин даяр болот;
- Мугалимдер үчүн окутуу семинарлары өткөрүлүүдө.
Министрлик билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында ар бир балага, айрыкча салттуу мектепке бара албагандарга, заманбап жана сапаттуу билим берүү чөйрөсүн түзүү иштерин улантууда.