АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫГЫН ТЕКШЕРҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

29 Июль 2025 ж. 12:22

Көрүлдү: 325

Агартуу министрлиги үстүбүздөгү жылдын 28-июлунан тартып өлкөнүн бардык аймактарында билим берүү уюмдарынын (бала бакча, мектеп, кесиптик лицей ж.б.) 2025-2026-окуу жылына карата даярдыгын текшере баштады.

post.title

Комплекстүү текшерүүлөр Нарын облусунан башталды. Ушул тапта министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери Нарын шаарындагы билим берүү уюмдарын кыдырып, абалды жеринен баалашууда.

Текшерүү маалында жергиликтүү жетекчилер билим берүү уюмдарын жаңы окуу жылына даярдоо учурунда жаралган айрым маселелер боюнча маалымат беришүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар