Автор: Маалыматтык саясат сектору
28 Июль 2025 ж. 13:29
Көрүлдү: 470
2025-жылдын 28-июлунда Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо” эл аралык университетинде “Жаш изилдөөчүлөр” илимий лагеринин катышуучулары менен жолугушуу болду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова катышып, лагердин маанилүүлүгүн белгиледи. Анын айтымында, бул лагерь – кадимки жайкы эс алуу лагери гана эмес, жаштар менен илимдин жолугушкан аянтчасы, чыгармачылыктын очогу жана экологиялык аң-сезимдин калыптанышына өбөлгө болгон уникалдуу платформа.
“Жаш изилдөөчүлөр лагери” 2025-жылдын 28-июлунан 8-августуна чейин өтө турган эки жумалык илимий-агартуучулук билим берүү программасы болуп саналат. Ага өлкөнүн бардык облустарынан, шаар жана айыл аймактарынан тандалып алынган 9 – 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү болуп саналган 24 мыкты окуучу катышууда. Программанын негизги темасы – айлана-чөйрөнүн булгануусу жана экологиялык көйгөйлөр.
Лагерь Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, “Маариф” фонду, Кыргыз-Түрк “Манас” университети, “Ала-Тоо” эл аралык университети жана Улуттук илимдер академиясы тарабынан биргелешип уюштурулду.
Катышуучулар лабораториялык иштерди жана талаа изилдөөлөрүн жүргүзүп, илимий макала даярдашат. Программанын соңунда ар бир катышуучу өз ишин симпозиум форматында коргойт.
Лагердин максаты – мектеп окуучуларынын илимге болгон кызыгуусун арттыруу, экологиялык аң-сезимди жогорулатуу жана аналитикалык-практикалык көндүмдөрдү калыптандыруу.
Иш-чаранын соңунда уюштуруучуларга, окуучуларга эсте каларлык белектер тапшырылып, “Ала-Тоо” эл аралык университети боюнча экскурсия уюштурулду.