Автор: Маалыматтык саясат сектору
25 Июль 2025 ж. 11:07
Көрүлдү: 542
2025-жылдын 17 – 25-июлунда Франциянын Париж шаарында Эл аралык физика олимпиадасы (IPhO 2025) болуп өттү. Бул мектеп окуучулары үчүн дүйнөдөгү эң абройлуу илимий сынактардын бири болуп саналат.
Быйыл олимпиадага дүйнөнүн 94 өлкөсүнөн 400дөн ашуун катышуучу келди, алардын баары – улуттук тандоодон өткөн, күчтүү даярдык көргөн мыкты жаш физиктер.
Кыргызстан бул олимпиадага 5 окуучудан турган команда менен катышып, жакшы жыйынтык көрсөттү.
Эл аралык физика олимпиадасынын жыйынтыктары:
– Абдиев Аскар – коло медаль, профессор А. Молдокулов атындагы Инновациялык технологиялар улуттук мектеп-лицейинин 11-классынын окуучусу
Тренерлери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек
– Анаралы уулу Эмир – коло медаль, UWIS мектебинин 12-классынын окуучусу
Тренерлери: Сабыров Чынтемир, Ажыбаев Улукбек
– Эмилбеков Айтегин – Ардак грамота, Газпром мектебинин 10-классынын окуучусу
Тренерлери: Алмурза уулу Алтынбек, Өмүрканов Тургунбек
– Бектур Баратали — Ардак грамота, 12-класс, UWIS мектеби
Тренерлери: Сатыбалдыев Дүйшөн, Садиков Артур
Команданы жетектеп баргандар: Сабыров Чынтемир, Садиков Артур
Соңку үч жылда Кыргызстандын физика курама командасы жаңы система менен даярдык көрүп, эл аралык деңгээлде туруктуу өсүштү көрсөтүп келе жатат:
– 2020-2021-жылдары – 0 байге
– 2022-жыл – 1 Ардак грамота
– 2023-жыл – 1 Ардак грамота
– 2024-жыл – 1 коло медаль жана 1 Ардак грамота
– 2025-жыл – 2 коло медаль жана 2 Ардак грамота
Кыргызстан дүйнөлүк илимий аренада өзүнүн татыктуу ордун ээлеп келүүдө.