Автор: Маалыматтык саясат сектору
23 Июль 2025 ж. 16:13
Көрүлдү: 478
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору Хелветас Свисс Интеркооперейшн ассоциациясынын “Чебер” долбоору менен биргеликте ири билим берүү өнөктүгүн – баалоочуларды окутууну баштады.
Алгачкы иш-чара 2025-жылдын 22-23-июлунда Бишкек шаарында өтүүдө, ал “ашпозчу” кесиби боюнча адистерди даярдоого арналган. Тренингге өндүрүштүк окуу мастерлери, ошондой эле кесиптик ассоциацияларга кирген жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышууда.
Окутуу программасы теориялык бөлүктү да, практикалык тапшырмаларды аткарууну да камтыйт. Бул катышуучуларга алган билимин реалдуу шарттарда алган билимдерин дароо колдонууга мүмкүндүк берет. Практикалык модулдардын уюштуруучуларынын жана устаттарынын ролун тренингге угуучу катары катыша турган Кыргызстандын Ашпозчулар ассоциациясынын өкүлдөрү ойношот.
Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов амандашып жатып: “Бул демилге баалоочулардын – көз карандысыз баалоо системасынын негизги катышуучулары менен баалоочулардын квалификациясын жана кесипкөйлүгүн жогорулатууда маанилүү роль ойнойт. Борбор баалоо жол-жоболорунун жогорку сапатын камсыздоо үчүн потенциалды бекемдеп, алардын кесиптик ишмердигин өнүктүрүүнү улантууга ниеттенет. Көз карандысыз баалоо системасында квалификациялуу адистердин болушу талап кылынган жумушчу көндүмдөрдү өздөштүрүүгө жана ийгиликтүү жумушка орношууга өбөлгө түзөт».
Борбор келечекте көз карандысыз баалоо системасына тартылган адистерди мүмкүн болушунча көбүрөөк камтуу үчүн ушундай эле окутуу иш-чараларын өлкөнүн аймактарында да уюштурууну пландап жатат.
Бул кадамдар Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун өнүгүүнүн жаңы деңгээлине чыкканын тастыктайт. Анын ишмердиги жаңы өнөктөштөрдү тартууга жана улуттук деңгээлде да, эл аралык деңгээлде да өзүнүн беделин бекемдөөгө жөндөмдүү болгон динамикалуу уюмдун статусун бекемдейт.