Автор: Маалыматтык саясат сектору
23 Июль 2025 ж. 11:05
Көрүлдү: 489
Ушул жылдын 10-20-июлунда Саншайн-Кост шаарында (Австралия) болуп өткөн Эл аралык математика олимпиадасына (IMO) ийгиликтүү катышып, байгелүү орундарды ээлеген Кыргызстандын математика боюнча курамасы бүгүн таңга жуук мекенине кайтып келди. Аларды “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова баш болгон сүрөөнчүлөр жана окуучулардын ата-энелери жылуу маанайда тосуп алышты.
Н. Джусупбекова окуучуларды бул беделдүү олимпиададагы жеңиши менен куттуктап жатып, министрлик тарабынан олимпиадаларга көбүрөөк окуучуларды тартуу максатында санариптик технологияларды колдонуу менен шарттар түзүлүп жатканын билдирди.
Кыргызстандын тарыхында алгач ирет бир эле команданын беш мүчөсү эл аралык олимпиададан медалдар менен кайтып келди. Команданын жетекчилеринин бири Мамат Ишматов олимпиаданын тапшырмалары өтө татаал болгонун жана дүйнөлүк деңгээлде түзүлгөнүн айтып, окуучулардын беш медалга ээ болушу чоң жетишкендик экенин баса белгиледи.
– Бул олимпиадага окуучуларыбыз көп жылдан бери даярданып келишет. Быйыл Ысык-Көлдө даярданып, чет өлкөлөрдөн тажрыйбалуу машыктыруучуларды да чакырдык. Кийинки жылкы олимпиадага даярдыктарды 1-2 айдан кийин баштайбыз, – деди Мамат Ишматов.
2024-жылы ушул эле олимпиадада алтын медаль, а быйыл күмүш медаль тагынган Назар Киргизбаевдин атасы уулунун ийгиликтери менен сыймыктанарын, ал үчүн медалдын түрү эмес, баланын олимпиадага катышып, улуттук курама үчүн үлгү болуусу маанилүү экенин билдирди.
IMO олимпиадасына катышуу чоң жетишкендик болуп саналат жана бул Кыргызстандын окуучуларынын математикалык даярдык деңгээли жогору экенин айгинелейт.
Эске сала кетсек, Эл аралык математикалык олимпиада 2025-жылдын 10-июлунан 20-июлуна чейин Австралиянын Саншайн-Кост шаарында болуп өткөн, ага дүйнөнүн 110 өлкөсүнөн 630 окуучу катышкан. Олимпиадага Кыргызстандан Киргизбаев Назар, Бобрус Ян, Эшперов Нурсултан, Капаров Нурдөөлөт, Саят Арлан, Мусаходжаев Султандар катышып, 2 күмүш медаль, 3 коло медаль, 1 Ардак грамотага ээ болушкан. Окуучуларды олимпиадага Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол даярдаган.