IMO – 2025 ОЛИМПИАДАСЫНДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЙГИЛИГИ: АВСТРАЛИЯДАГЫ БЕДЕЛДҮҮ ОЛИМПИАДАДА 6 СЫЙЛЫК

Автор: Маалыматтык саясат сектору

21 Июль 2025 ж. 16:00

Көрүлдү: 247

2025-жылдын 10 – 20-июль күндөрү Кыргызстандын математика боюнча курама командасы Австралиянын Саншайн-Кост шаарында өткөн Эл аралык математика олимпиадасына (IMO) катышты.

post.title

Дүйнөнүн 110 өлкөсүнөн келген 630 окуучу дүйнөдөгү эң беделдүү математика олимпиадасына катышты. IMO олимпиадасына катышуу чоң жетишкендик болуп саналат жана математикалык даярдыктын деңгээли жогору экенин айгинелейт.

Кыргызстандын курамасынын курамы Математика боюнча улуттук олимпиаданын 4-этабынын жыйынтыгы менен аныкталган.

Кыргызстандын тарыхында алгач ирет бир эле команданын 5 мүчөсү эл аралык олимпиададан медалдар менен кайтып келишти.

Окуучулардын жыйынтыктары:

1. Киргизбаев Назар – күмүш медаль, Бишкек шаарындагы № 61 орто мектептин 11-классынын окуучусу

2. Бобрус Ян – күмүш медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 9-классынын окуучусу

3. Эшперов Нурсултан – коло медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 11-классынын окуучусу

4. Капаров Нурдөөлөт – коло медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 11-классынын окуучусу

5. Саят Арлан – коло медаль, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 7-классынын окуучусу

6. Мусаходжаев Султан – Ардак грамота, Бишкек шаарындагы № 70 орто мектептин 9-классынын окуучусу

Команданын жетекчилери: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол

Маалымат үчүн: Кыргызстан бул олимпиадага 1993-жылдан бери катышып келе жатат. Бүгүнкү күнгө карата өлкөнүн капчыгында 22 медаль бар, анын тогузу (1 алтын медаль, 5 күмүш медаль, 3 коло медаль) акыркы эки жылда жеңип алынган.

Эл аралык математика олимпиадасы (IMO) – өлкөлөрдүн биринде жыл сайын өткөрүлүүчү мектеп окуучулары арасындагы математика боюнча дүйнөлүк чемпионат. Биринчи олимпиада 1959-жылы Румынияда өткөн, ага 7 өлкө катышкан. Акыркы жылдары IMOго 5 континенттен жүздөн ашуун өлкө катышууда.

Улуттук олимпиада жана IMO тууралуу кенен маалыматты төмөнкү шилтемеден таба аласыз: https://t.me/imo_kg

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар