Автор: Мектептеги билим берүү башкармалыгы
16 Июль 2025 ж. 18:57
Көрүлдү: 703
2025-жылдын 5 – 14-июлунда Дубай шаарында (БАЭ) өткөн 57-Эл аралык химиялык олимпиадада (International Chemistry Olympiad, IChO-2025) Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасы эки коло медаль жеңип алды.
Бул абройлуу эл аралык олимпиадага дүйнөнүн 90дон ашык өлкөсүнөн 360 мектеп окуучусу катышып, химия боюнча жогорку деңгээлдеги теориялык жана практикалык тапшырмаларды аткарышты. Кыргызстандын командасы күчтүү атаандаштык шартында мыкты жыйынтык көрсөтүп, өлкөнүн билим берүү жана илим тармагындагы жетишкендиктерин дагы бир жолу тастыктады.
🏅 Жеңүүчүлөр:
👨🎓 Кыргыз Республикасынын улуттук командасынын курамы:
👥 Команданы коштогон адистер:
Команда олимпиадага чейин интенсивдүү даярдык этаптарынан өтүп, Казакстандын жана Өзбекстандын алдынкы адистери менен биргелешкен окуу-машыгуу программаларын ийгиликтүү бүтүргөн.
📌 Бул жетишкендик – Кыргызстандын мектеп окуучуларынын сапаттуу билимге жана илимге болгон умтулуусунун, ошондой эле өлкөнүн өсүп жаткан илимий потенциалынын ачык далили болуп саналат. Эл аралык деңгээлдеги мындай ийгиликтер жаштар арасында илимге кызыгууну арттырып, келечектеги илимпоздорду тарбиялоого өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги олимпиадага даярдык процессинде уюштуруучулук жана академиялык багытта колдоо көрсөттү.
Маалымат үчүн:
Эл аралык химиялык олимпиада (International Chemistry Olympiad, IChO) – 1968-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан, мектеп окуучулары үчүн дүйнөдөгү эң абройлуу предметтик олимпиадалардын бири. Олимпиада жогорку деңгээлдеги теориялык жана практикалык тапшырмаларды камтып, дүйнөлүк мыкты жаш химиктерди аныктайт.




