МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: 1-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН 121 239 ОРУН БОШ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

15 Июль 2025 ж. 14:27

Көрүлдү: 818

Бишкек, 2025-жылдын 15-июлу – Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги ата-энелерге балдарды 1-класска толугу менен электрондук түрдө каттоо мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертет. Баланы кезек күтпөстөн жана кагаз маалымкаттарсыз «Мектеп» порталы аркылуу каттоого болот.

post.title

Ушул жылдын 14-июлуна карата системадагы маалыматтар төмөнкүдөй болду:

 

Көрсөткүч

      Жалпы

 

                 

Анын ичинде жеңилдиктер боюнча*

Түшкөн арыздар

289 569

 

30 286

Кабыл алынгандар

168 331

 

2 441

Бош орундар

121 239

 

27 338

Күтүүдө турган арыздар

 508

 

508

*Жеңилдик берилген категориялар: жетим балдар, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунан мүмкүнчулүгү чектелген балдар жана башкалар.

Эмне үчүн азыр арыз берүү маанилүү?

• Система баланы жашаган дарегине жана жеңилдиктерге жараша автоматтык түрдө мектепке бекитет.

• Ата-энелер жеке кабинетинде окууга кабыл алынгандыгы тууралуу кабарлама жана SMS билдирүү алышат.
• Арыз канчалык эрте берилсе, жакын жайгашкан мектепке кабыл алынуу мүмкүнчүлүгү ошончолук жогору болот.

Балдарды мектепке каттоонун акыркы күнү – 15-август. Бирок министрлик убакытты созбоону сунуштайт. Ушул тапта республикада 120 миңден ашык орун дагы эле бош, алардын көбү Ош, Нарын жана Баткен облустарында.

Баланы мектепке каттоонун жол-жобосу төмөнкүдөй:
• Каттоо үчүн баланы тандоо;
• Облусун, районун же шаарын көрсөтүү;
• Тизмедеги жеткиликтүү мектептердин бирин тандоо;
• Окуу тилин тандап, «Мектепке каттоо» баскычын басуу.

Ата-энелер 110 кыска номерин терип, каттоо маселелери боюнча кеп-кеңеш ала алышат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар