АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ БИР КАТАР ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН ДИРЕКТОРУ БОШ КЫЗМАТ ОРДУНА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Автор: Мектептеги билим берүү башкармалыгы

14 Июль 2025 ж. 19:10

Көрүлдү: 3455

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыялайт.

post.title

Талапкерлердин арыздарын жана конкурстук документтерди каттоо 2025-жылдын 14-июлунда башталып, 28-июлунда аяктайт.

Конкурстук тандоону Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти өткөрөт.

Өтүнмөлөр билим берүү уюму кайсы аймакка таандык экенине жараша төмөндөгү электрондук почта даректери аркылуу кабыл алынат:

konkurs.chui@drko.kg

konkurs.batken@drko.kg

konkurs.osh@drko.kg

konkurs.ja@drko.kg

konkurs.naryn@drko.kg

konkurs.talas@drko.kg

konkurs.bishkek@drko.kg

konkurs.ik@drko.kg

konkurs.g.osh@drko.kg

Сынактын (квалификациялык тесттин) датасы, орду жана тартиби, ошондой эле документтерди экспертизадан өткөрүүнүн жыйынтыктары тууралуу билдирүүлөр талапкерлерге жиберилет.

ТИРКЕМЕ – Бош кызмат орундарынын тизмеси 

Кошумча маалыматты Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин төмөнкү телефондору аркылуу алууга болот: 0503 610150, 0550 610150, 0551 405057, 0707 405057

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар