МИНИСТР КОШ-КӨЛДӨГҮ № 85 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДИ КҮТҮҮСҮЗ ТЕКШЕРДИ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

11 Июль 2025 ж. 17:53

Көрүлдү: 758

2025-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун Кош-Көл айылындагы № 85 кесиптик лицейди күтүүсүз текшерди.

post.title

Министр кесиптик лицейдин имаратын жана ага караштуу аймакты көрүп чыгып, окуу жайдагы кемчиликтерди тез арада жоюуну жетекчилерге тапшырды.

Белгилей кетсек, кесиптик лицейде 190 окуучу билим алат. Алар келечекте электр жана газ менен ширетүүчү, ашпозчу-кондитер, IT программалоочу сыяктуу кесиптерге ээ болушат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар