АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИНИН ДЕЛЕГАЦИЯСЫ СИНГАПУРДУН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ ТАЖРЫЙБАЛАРЫН ӨЗДӨШТҮРҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

10 Июль 2025 ж. 17:31

Көрүлдү: 790

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин кызматкерлеринен жана өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүнөн турган делегация ушул тапта Сингапурда өтүп жаткан окутуу семинарына катышууда.

post.title

Семинардын программасы билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги аспекттерин камтыйт. Катышуучулар Сингапурдун Улуттук билим берүү институту, Улуттук эрте өнүктүрүү институту сыяктуу мекемелердин ишмердүүлүгү менен жеринен таанышып, бир катар бала бакчаларга барып, Сингапурдун мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү тармагындагы тажрыйбасын иш жүзүндө окуп-үйрөнүп жатышат.

Сапардын негизги максаты Сингапурдун мыкты тажрыйбаларын окуп-үйрөнүү жана аларды Кыргызстандын билим берүү системасына ыңгайлаштыруу болуп саналат. Мында педагогикалык кадрларды даярдоого, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана мектепке чейинки билим берүү, жалпы орто билим берүү деңгээлдеринде натыйжалуу билим берүү моделдерин киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.

Сапардын жыйынтыгында жергиликтүү контекстти жана өнүгүү артыкчылыктарын эске алуу менен билим берүү жаатындагы улуттук саясатка Сингапурдун тажрыйбасынын айрым элементтерин интеграциялоо боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар