Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Июль 2025 ж. 13:22
Көрүлдү: 745
Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Ислам өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту. Иш-чарага банктын Алматы шаарындагы аймактык кеңсесинин жетекчиси Али Мухаммад Хан ж.б. катышты.
Жолугушууда Ислам өнүктүрүү банкы, Ислам өнүктүрүү тилектештик фонду жана Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн биргелешкен Smart-Ed долбоору талкууланды.
Министр Догдуркүл Кендирбаева инклюзивдик билим берүү “Алтын Казык” билим берүүнү трансформациялоо программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналарын, бул багытта көздөгөн максаттарга жетүү министрликтин негизги приоритеттеринин бири экенин баса белгиледи.
Белгилей кетсек, Smart-Ed долбоору боюнча макулдашууларга 2025-жылдын 22-апрелинде Вашингтон шаарында кол коюлган. Долбоордун максаты Кыргызстандагы бардык балдар үчүн инклюзивдик жана сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү болуп саналат.