АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН БУУнун ДҮЙНӨЛҮК АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫ МЕКТЕП ТАМАКТАНУУСУН ӨНҮКТҮРҮҮ БОЮНЧА БИРГЕЛЕШКЕН ИШ ПЛАНДЫ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

8 Июль 2025 ж. 18:04

Көрүлдү: 387

2025-жылдын 7-июлунда «Кыргыз Республикасындагы мектеп тамактануусун оптималдаштыруу» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАТП) ортосундагы 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата биргелешкен иш планы талкууланды.

post.title

Жыйында Агартуу министрлигинин Мектептеги, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирбек Рахматилдеев жана БУУ ДАТПнын адистери алты айлык планды талкуулап, алдыдагы иш-чаралардын стратегиялык маанисин баса белгилешти.

План төмөнкү негизги багыттарды камтыйт:

🔹 Саясатты жана ченемдик базаны иштеп чыгуу

– Орто билим берүүнүн 12 жылдык системасына өтүүгө байланыштуу мектеп тамак-ашы боюнча жаңы нормаларды адаптациялоо;

– Техникалык документтерди: санитардык нормаларды жана эрежелерди, азык-түлүк коопсуздугунун стандарттарын жана ашпозчулар үчүн кесиптик стандарттарды жаңылоо.

🔹 Потенциалды жогорулатуу жана окутуу

– Ашпозчулар жана санитардык кызматкерлер үчүн окууларды өткөрүү:

– Мектеп ашпозчулары үчүн онлайн жана офлайн-тренингдерди уюштуруу;

– Мектеп тамактануучуна ата-энелердин жана коомдоштуктардын жигердүү катышуусун камсыз кылуу.

🔹 Инфраструктура жана жабдуулар

– Тандалган мектептерге жана бала бакчаларга заманбап жабдууларды жеткирүү;

– Күн панелдерин орнотуу, мектеп бактары жана наабайканаларды түзүү аркылуу туруктуу тамактануу системаларын түзүү.

🔹 Санариптик трансформация

– Мектеп тамактануусун башкаруунун санариптик системасын, анын ичинде менюну эсептөө үчүн калькуляторду иштеп чыгып, киргизүү.

🔹 Өнөктөштүк жана координация

– ЖОЖдор, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик органдары менен үч тараптуу макулдашууларга кол коюу;

– Ош шаарында Республикалык компетенциялар борборун түзүү;

– Саламаттык сактоо министрлиги, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр

жайы министрлиги, Энергетика министрлиги менен тыгыз кызматташтыкты чыңдоо.

🔹 Мониторинг жана баалоо

– Социалдык жана жүрүм-турумдук өзгөрүүлөр стратегиясын (SBCC) иштеп чыгуу үчүн изилдөөлөрдү жана баалоолорду жүргүзүү.

🔹 Маалыматтык-агартуучулук иш

– Мектептерде Азык-түлүк күнүнө арналган иш-чараларды өткөрүү;

– Форумдар жана конкурстар аркылуу мектеп тамактануусу темасын кеңири илгерилетүү, ошондой эле катышуучулардын салымын баалоо.

Бул жолугушуу долбоордун туруктуу өнүгүшүн камсыздоого жана бардык кызыкдар тараптардын натыйжалуу өз ара кызматташтыгын күчөтүүгө багытталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар