АГАРТУУ МИНИСТРИ «ЫСЫК-КӨЛ ДОСТОРДУ ЧОГУЛТАТ!» ЭЛ АРАЛЫК ЭТНО-КАРНАВАЛЫНЫН КАТЫШУУЧУЛАРЫН КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

7 Июль 2025 ж. 16:01

Көрүлдү: 796

2025-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева ынак өлкөлөрдөн – Россия, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Түркия, Тажикстандан келген делегациялардын башын кошкон «Ысык-Көл досторду чогултат!» эл аралык этно-карнавалынын катышуучуларын кабыл алды.

post.title

 

Катышуучуларды тосуп жатып, министр маданий диалогдун маанүүлүлүгүн жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоодо мындай иш-чаралардын маанисин баса белгиледи. «Ынак өлкөлөрүбүздүн эң жаркын жана таланттуу өкүлдөрү менен жүз көрүшүп жатканыма абдан кубанычтамын. Сиздер маданияттын жана тынчтыктын чыныгы элчилерисиздер. Маданияттар аралык баарлашууну өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн форумду уюштургандарга жана бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирем. Биздин жалпы максатыбыз – дүйнөдө балдар үчүн толеранттуу, коопсуз чөйрөнү түзүү, агрессия менен буллингди азайтуу. Бул максаттарга маданият, өз ара түшүнүү жана достук аркылуу гана жетүүгө болот», – деди министр.

Иш-чаранын алкагында делегациялардын өкүлдөрүнө эстелик белектер тапшырылды. Жолугушуу Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл коюу аземи менен жыйынтыкталды.

Маалымат үчүн:
XV «Ысык-Көл досторду чакырат – 2025» эл аралык этно-карнавалы 2025-жылдын 7–12-июлунда Ысык-Көл жээгинде өтөт.
Бул этно-карнавал Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин буйругунун негизинде «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» доктринасынын алкагында он бешинчи жолу уюштурулууда.

Быйылкы иш-чарага Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия өлкөлөрүнөн жана Кыргызстандын бардык аймактарынан 21 делегация катышат. Жалпы катышуучулардын саны 456 адамды түзөт.

Этно-карнавалдын программасы:
- Катышкан өлкөлөрдүн этномаданий чыгармачыл көрсөтүүлөрүн (улуттук бийлер, ырлар, аспаптык фольклор);
- Вокал, хореография жана элдик аспаптар боюнча мастер-класстарды камтыйт;
- Катышуучулардын гала-концертин камтыйт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар