КЫРГЫЗСТАН CADAP-7 ПРОГРАММАСЫНЫН ЖЕТЕКТӨӨЧҮ КОМИТЕТИНИН 4-КЕҢЕШМЕСИНЕ КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

3 Июль 2025 ж. 14:24

Көрүлдү: 1032

2025-жылдын 1-июлунда Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) Борбордук Азияда баңгизаттардын жайылышын алдын алуу боюнча Европа Биримдигинин программасынын жетектөөчү комитетинин (осот-7) 4-жыйыны болуп өттү. Иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнүн компетенттүү органдарынын өкүлдөрү, Европа Биримдигинин делегациялары, ошондой эле эл аралык жана улуттук эксперттер катышты.

post.title

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамына Агартуу министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү кирди.

Кеңешмеде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндөгү азыркы тенденцияларды талдоо, аталган программанын компоненттерин ишке ашыруудагы негизги чакырыктар жана улуттук тажрыйба боюнча сөз сүйлөштү.

Кеңешменин алкагында катышуучулар программанын беш негизги компонентин: баңги саясаты, маалыматтарды чогултуу, алдын алуу, дарылоо жана координациялоонун ишке ашыруунун жыйынтыктарын талкуулашты. Катышуучулар эл аралык өнөктөштөрдүн тыянактарын угушту жана программалык иш-чараларды мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды талкуулашты.

Кеңешме Борбордук Азияда баңги коркунучуна каршы аракеттенүү чөйрөсүндө аракеттерди координациялоо, тажрыйба алмашуу жана макулдашылган чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү региондук платформа катары кызмат кылууну улантат.

Бул программа мамлекеттик баңги саясатын, саламаттыкты сактоону жана региондук өз ара аракеттенүүнү чыңдоодо региондун өлкөлөрүн колдоонун маанилүү инструменти статусун сактап калат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар