«ЗАМАНБАП МУГАЛИМ» ПРОГРАММАСЫНЫН ЖАЙКЫ ИНСТИТУТУ АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

2 Июль 2025 ж. 19:50

Көрүлдү: 1289

2025-жылдын 1-июлунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинде «Teach for Kyrgyzstan – Заманбап мугалим» билим берүү программасынын 2025-жылдагы Жайкы институтунун расмий ачылышы болду.

post.title

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов ачып берип, адам капиталын өнүктүрүүгө багытталган инвестициялардын стратегиялык маанисин жана билим берүү системасын заманбап шарттарга ылайык жаңылоонун зарылдыгын баса белгиледи.

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов педагогикалык практикада инновациялык ыкмаларды колдонуу жана билим берүү тармагында жаңы муундагы лидерлерди даярдоо маанилүү экенине токтолду.

Иш-чаранын өзгөчө бөлүгү программаны, аймактык билим берүүнү өнүктүрүүгө активдүү колдоо көрсөтүп жаткан жеке сектордун өкүлдөрүнүн өздөрүнүн көз караштары жана тажрыйбалары менен бөлүшкөндөрү болду. «Адал Азык» ЖЧКсынын, «Тойбосс» соода маркасынын башкы директору Мырзабек Орумбаев, ишкер, «Техноборбор» ЖЧКсынын негиздөөчүсү Эркинбек Мэлс жана меценат, «Лекарь» дарыканалар тармагынын негиздөөчүсү Жолдошбек Эсенбековдор сөз сүйлөштү.

Программанын аткаруучу директору Асель Бектенова: «Биз ар бир баланын ичинде чексиз потенциал бар экенине ишенебиз. Аймактык мектептерде иштеген жаратман мугалимдер дал ошол балдарга өзүнө ишенүүгө, кыялданууга жана аракеттенүүгө жол ачып беришет. Бул – жөн гана окутуу эмес, бүтүндөй өлкөнүн келечегине кошкон салым», – деди.

 

Маалымат үчүн:

«Teach for Kyrgyzstan – Заманбап мугалим» программасы – ар түрдүү тармактардан келген демилгелүү адистерди мектептик билим берүү тармагына тартууга багытталган билим берүү платформасы. Программанын катышуучулары эки жыл бою аймактык жана айылдык мектептерде иштеп, заманбап, шыктандыруучу жана дем берип окуткан мугалимдерге муктаж болгон балдарга колдоо көрсөтүшөт.

Программа Борбордук Азия университети менен өнөктөштүктө иштелип чыккан. Катышуучулар бул жерде «Өзгөрүүлөр шартындагы педагогика» багыты боюнча практика багытындагы магистратурадан өтүшөт. Окутуу форматы – аралаш: салттуу жана онлайн форматтагы сабактар. Программа заманбап педагогикалык ыкмаларды, лидерлик жөндөмдөрдү, коомчулук менен иш алып барууну жана мектеп чөйрөсүнө инновацияларды киргизүүнү өзүнө камтыйт.

Программа Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен 2023-жылдын 22-мартында түзүлгөн Өз ара кызматташуу тууралуу меморандумдун негизинде ишке ашырылып келет жана дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүн бириктирген глобалдык Teach For All тармагынын мүчөсү болуп эсептелет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар