Автор: Маалыматтык саясат сектору
2 Июль 2025 ж. 16:53
Көрүлдү: 1234
2025-2026-окуу жылына карата Россия Федерациясынын Томск мамлекеттик улуттук изилдөө университети, Новосибирск мамлекеттик техникалык университети жана Сибирь мамлекеттик байланыш жолдору университети Кыргыз Республикасынын мектеп бүтүрүүчүлөрүн аталган окуу жайларга кирүү сынактарына катышууга чакырат.
Кабыл алуу комиссиялары Бишкек шаарындагы К. Баялинов атындагы Балдар жана өспүрүмдөр үчүн республикалык китепканада иш алып барууда.
Абитуриенттерди кабыл алуу графиги, сынактардын форматы жана керектүү документтердин тизмеси тууралуу маалыматты төмөнкү байланыш номерлери аркылуу алууга болот:
Томск мамлекеттик улуттук изилдөө университети, менеджер Стамкулов Рустам Альбертович
+7 983 234 1020; 0555 000 624
Новосибирск мамлекеттик техникалык университети, жооптуу кызматкер Дружинина Елена Сергеевна
+7 913 011 7221
Кыргыз Республикасындагы кабыл алуу боюнча координатор – Ермолина Екатерина
+7 953 767 9406
Университетке тапшыруу үчүн Telegram мессенжериндеги чатка төмөнкү шилтеме аркылуу кошулса болот:
https://t.me/+vr2pG0QzyC84Mzli
Сибирь мамлекеттик байланыш жолдору университети боюнча маалымат алуу үчүн байланыш:
inter_sgups@stu.ru
8 (383) 328-03-53