КЫРГЫЗ БИЛИМ БЕРҮҮ АКАДЕМИЯСЫ: КЫРГЫЗСТАНДЫН ЗАВУЧТАРЫ ЖАНА МЕТОДИСТТЕРИ ҮЧҮН ӨТКӨРҮЛГӨН ОКУТУУ ЖАНА 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНА ӨТҮҮНҮН ЖАҢЫРТЫЛГАН МОДЕЛИ ТУУРАЛУУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

2 Июль 2025 ж. 14:07

Көрүлдү: 1298

2025-жылдын 15-20-июнунда Ысык-Көлдө өткөн педагогикалык форум-семинарда Кыргыз билим берүү академиясы чогулгандарды мектептик билим берүүдөгү негизги өзгөрүүлөр менен тааныштырды. Өлкөнүн бардык аймактарынан келген 800дөн ашык педагог Мектептик жалпы билим берүүнүн жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты (мындан ары – МБС), 1-12-класстардын предметтик стандарттары, жаңы окуу программалары, окуу китептери/окуу-методикалык комплекстери жана 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн жаңыртылган модели боюнча кеңири маалымат алды.

post.title

Жаңы МБС: мазмуну, түзүлүшү жана баалуулуктары

Кыргызстанда мектептик билим берүүнүн мазмуну МБСнын жана предметтик стандарттардын негизинде түзүлөт. Бул стандарттар 1-класстан 12-класска чейинки билим берүү циклын камтып, республиканын мектептериндеги окутуу тилдерине: кыргыз, орус, өзбек, тажик жана дунган тилдерине ылайыкташтырылган.
 

Мазмундун негизги компоненти – мугалимдерге арналган окуу программалары. Ал программалар сабактарды жыл бою пландап, өткөрүү үчүн негиз болуп саналат жана билим берүү максаттарын ишке ашырууга, жыйынтыктарга жетүүгө жана мугалимдерге методикалык колдоо көрсөтүүгө шарт түзөт.


Жаңы МБС – билим берүүнүн сапатын башкарууга, социалдык кепилдиктерди камсыздоого жана бирдиктүү билим берүү мейкиндигин сактоого негиз болгон маанилүү ченемдик документ. Ал базистик окуу пландарын, предметтик стандарттарды, окуу программаларын, окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгууга негиз болот. Жалпы билим берүүдөгү негизги компетенттүүлүктөрдүн алкагы МБСнын “жүрөгү” болуп саналат. Бул алкак төмөнкү төрт негизги компетенттүүлүктөн турат:

  • таанып-билүү жана ишмердик компетенттүүлүк;
  • социалдык-коммуникативдик компетенттүүлүк;
  • маалыматтык-санариптик компетенттүүлүк;
  • эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүк.


Ар бир компетенттүүлүк дүйнөдөгү алдынкы билим берүү системаларында маанилүү жана актуалдуу деп таанылган сын жана сынчыл ой жүгүртүү, функционалдык сабаттуулук, санариптик сабаттуулук, ден соолук маданияты, эмоционалдык интеллект, экологиялык сабаттуулук өңдүү XXI кылымдын негизги көндүмдөрүн камтыйт.


Негизги компетенциялардын алкагында чагылдырылган 12 жылдык мектепти бүтүрүүчүнүн модели улуттук баалуулуктарга, стратегиялык болуп саналган “Кыргыз жараны”, “Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер” доктринасы, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мамлекет башчысынын кайрылууларынын негизинде түзүлгөн. Бул Алкактын борборунда – жети негизги баалуулук: мекенчилдик, чынчылдык жана адилеттүүлүк, жоопкерчилик, боорукердик жана кайрымдуулук, эмгекчилдик жана абийирдүүлүк, жаратылышка аяр мамиле жана туруктуу өнүгүү принциптерине баш ийүү. Бул баалуулуктар Манастын осуяттары менен үндөшүп, кыргыз элинин маданиятынын руханий-адеп-ахлактык негизин чагылдырат.

 

12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн жаңыртылган модели: 2027-2028-окуу жылына чейин бир жылда бир секирик, андан ары жаңыртылган моделге ылайык.

Өлкөнүн жогорку жетекчилигинин тапшырмаларына жана сунуштарына ылайык, 12 жылдык билим берүү системасына өтүү модели кайрадан каралып чыкты. Өзгөртүүлөрдүн максаты билим берүү процессинин бардык катышуучулары үчүн бул процессти мүмкүн болушунча түшүнүктүү жана жеңил кылуу.


2025-2026-окуу жылында бир секирик каралган. Башкача айтканда, бала бакчанын даярдоо топторунда окуган же «Наристе» мектепке даярдоо программасын өздөштүргөн балдар түз эле 2-класска өтүшөт.


2026-2027-окуу жылында дагы бир секирик каралган. Мында окуучулар 5-класстан түз эле 7-класска өтүшөт. Бул модель 2029-2030-окуу жылына чейин уланат. Ошондой эле, 2027-2028-окуу жылынан баштап 2030-2031-окуу жылына чейин 9-класстан 11-класска секирик жасоо да пландалууда (катары менен 3 окуу жылы бою).
 

Окуу материалдарынын бүтүндүгүн сактоо үчүн, жаңы окуу жылынан тартып 5-класстар интеграцияланган программа боюнча окушат. Бул программа 5-6-класстардын мазмунун бириктирип, окуучулар катары менен 4 окуу жылы бою (2029-2030-жылга чейин) окутулат (2025-2026-окуу жылында мектепке барган жаңы 1-2-класстар менен чаташтырбоо керек).
 

Программаларды интеграциялоодо "КМШнын мамлекеттер аралык макулдашууларынын алкагында өз ара таануу жөнүндө" макулдашуусуна төп келген дүйнөнүн илимий картинасынын бүтүндүгүн, мектептик билим берүүнүн мазмунуна шайкештикти камсыз кылган маанилүү темалардын "фундаменталдуу өзөгүн" сактоого өзгөчө көңүл бурулган.

 

Форумда 1-2-5- жана 7-класстардын мазмундук өзгөчөлүктөрүнө арналган атайын сессиялар өткөрүлдү.
 

Жаңы программаларды ишке киргизүүдө чечүүчү баскычтар катары саналган 1-2-5- жана 7-класстарга өзгөчө көңул бурулган.

1-класс:

  • Мазмуну жаңыртылган Наристе программасын киргизүү;
  • Ар бир чейректи так пландоо: алиппеге чейинки жана алиппеден кийинки мезгилдер;
  • Математика, табият таануу, орус тили жана окуу боюнча жаңы окуу китептерин/ОМКны киргизүү;
  • Балдардын жаш өзгөчөлүктөрүн эске алган окутуу ыкмасы.

2-класс:

  • Эки түрдөгү 2-класстар: 11 жылдык жана 12 жылдык системага ылайык;
  • Математика, табият таануу жана келечекте англис тили боюнча жаңы окуу китептери;
  • 0-класстан 2-класска өткөн окуучулар үчүн 1-класстын программасынан элементтерди кайталоого шарт түзгөн адаптациялык чейрек каралган.

5-класс:

  • 5+6 интеграцияланган программа боюнча окутуу;
  • Жаңы программада 6-класстын бардык мазмуну сакталат;
  • 2026-2027-окуу жылында 7-класска секирик жасоого даярдоо.

7-класс:

  • Табият таануу предмети боюнча (физика, химия, биология) жаңы окуу китептерин киргизүү;
  • Ар бир предмет боюнча мугалимдер үчүн жалпы түшүндүрмө материалдар жана методикалык сунуштар.

 

Баалоо маселеси: Окуучунун өнүгүшүнө багытталган ыкма

Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назиpa Дюшеева башталгыч класстарда окуу жетишкендиктерин баалоо системасында боло турган өзгөрүүлөр тууралуу билдирди.


12 жылдык мектептик билим берүү моделине ылайык, 1-класс (6 жаш), 2-класс (7 жаш) жана 3-класстын (8 жаш) окуучулары үчүн баа койбой баалоо каралган. Бул окуучулардын жетишкендиктерин мазмундук-баяндоочулук негизде баалоо системасы, анда салттуу баалар коюлбайт. Баасыз баалоо окуучунун билимдеги жетишкендиктерин көзөмөлдөөгө жана алардын окууга болгон кызыгуусун арттырууга багытталган.
Бул система ар бир окуучунун жеке өнүгүүсүнө көңүл буруп, салттуу упай системасынын ордуна мазмундуу кайтарым байланышты камсыз кылат.


“Баасыз баалоо мугалимдердин баага эмес, окуу процессине, баланын күчтүү жактарына жана жеке өсүшүнө көңүл буруусуна мүмкүндүк берет”, деп баса белгиледи Н. Дюшеева.


Мугалимдер окуучунун материалды өздөштүрүү динамикасын көзөмөлдөп, анын өсүшүн визуалдаштырып турушат (сөз менен баалоо, түстүү белгилер, оюн элементтери, ийгилик карталары жана символдор аркылуу), өзүн-өзү баалоо, жоопкерчилик жана өз алдынча көзөмөл жүргүзүү жөндөмдөрүн өнүктүрүшөт.
Негизги максат
окууга оң мотивацияны жана өз күчүнө ишенимди калыптандыруу.
Ал эми 3-класстын окуучулары үчүн, эгерде алар 11 жылдык система боюнча окуусун улантып жатса, салттуу баалоо сакталат.


Ошентип, курактык аспекттен алганда, баа койбой баалоодо эч кандай өзгөрүү болбойт: мурун 11 жылдык системада 7 жаштагы бала 1-класста, 8 жаштагы бала – 2-класста, 9 жаштагы бала – 3-класста окучу. Эми 12 жылдык моделде ушул эле жаш курактар тиешелүү түрдө 2 жана 3-класстарга туура келет, болгону жаңы мазмун жана баалоонун жаңы ыкмалары менен коштолот.

 

Окуу материалдары жана мугалимдерди колдоо

Бардык жаңы окуу китептери төмөнкү компоненттерди камтыган окуу-методикалык комплекстер менен коштолот:

  • Окуу китеби;
  • Иш дептери;
  • Мугалимдер үчүн методикалык колдонмо, анын ичинде сабактардын сценарийлери.

Бул педагогдорго жаңы мектептик билим берүү системасына өтүү менен байланышкан тынчсызданууларынын деңгээлин азайтууга жана жаңы программалар боюнча ишенимдүү иштөөгө жардам берет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар