МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА GIGA ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН ӨНӨКТӨШТҮКТҮ КЕҢЕЙТҮҮ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗДҮ

Автор: Эл аралык кызматташтык сектору

30 Июнь 2025 ж. 18:03

Көрүлдү: 927

Кыргыз Республикасынын агартуу министри Д. Кендирбаева Женевада (Швейцария) болуп өткөн билим берүү системасын санариптештирүү, трансформациялоо жана туруктуу өнүктүрүү маселелерине арналган эл аралык конференциянын негизги сессияларына катышты.

post.title

Д. Кендирбаева билим берүү жаатындагы долбоорлордун ачык жана натыйжалуу каржыланышы жөнүндөгү сессияларга катышты. Ал Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан билим берүү реформалары жана аларды ишке ашыруудагы негизги артыкчылыктар тууралуу баяндап, бул багыттагы эл аралык колдоонун маанисин баса белгиледи. Сүйлөшүүлөрдө министр санариптик технологияларды билим берүүгө интеграциялоо, Кыргызстандын билим берүү мекемелерин заманбап жабдуулар жана интернет менен камсыздоо, билим берүү тармагына узак мөөнөттүү жана туруктуу инвестиция тартуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана эл аралык донорлор менен кызматташтыкты кеңейтүү маселелерине басым жасалды. 

Министр ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча билим берүү боюнча регионалдык кеңешчиси жана GIGA демилгесинин өкүлү Маида Пасич айым менен да эки тараптуу расмий жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда министрлик менен GIGA демилгесинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, Кыргызстандын бардык мектептерин интернетке туташтыруу боюнча аракеттерди активдештирүү жана бул багытта инвестиция тартуу маселелери талкууланды. Министр бул демилге билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгилеп, Кыргызстан GIGA жана башка өнөктөштөр менен тыгыз иштешүүгө даяр экенин билдирди.

Маалымат үчүн: Маида Пасич – ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия боюнча регионалдык билим берүү кеңешчиси. Ал билим берүү жана инвестициялык өнөктөштүктөр багытында бай тажрыйбага ээ. Анын билим берүү сапатын жогорулатуу боюнча эл аралык демилгелерде активдүү катышканы бул жолугушууну стратегиялык мааниге ээ кылды.

Кыргызстандын конференцияга катышуусу билим берүү тармагына эл аралык инвестиция тартууга, донордук колдоону кеңейтүүгө жана өлкөдө билим берүү чөйрөсүн заманбап талаптарга ылайык өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар