КЫРГЫЗСТАН БАЛКАНДЫК ЖАШТАР МАТЕМАТИКА ОЛИМПИАДАСЫНЫН ТАРЫХЫНДА АЛГАЧКЫ ЖОЛУ АЛТЫН МЕДАЛЬ УТТУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

30 Июнь 2025 ж. 15:22

Көрүлдү: 955

2025-жылдын 24-29-июнунда Түндүк Македониянын Струга шаарында 29-Балкандык жаштар математика олимпиадасы (JBMO) өттү. Быйылкы олимпиадага 24 өлкөдөн 135 мектеп окуучусу катышты.

post.title

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын төмөнкү окуучулары сыйлыктарга татыктуу болушту:

1. Акимов Ариет, 7-класс, “Газпром Кыргызстан” мектеби, Бишкек шаары – алтын медаль. Тренерлери: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол

2. Абдувалиев Бектен, 7-класс, ISK эл аралык мектеби, Ош шаары – коло медаль.

Тренери: Абдувалиев Мурат

3. Шакиралиев Адилет, 9-класс, Купуев академиясы, Ош шаары – коло медаль.

Тренери: Абдураимов Шумкарбек

4. Мухаммаднабиева Нурайым, 9-класс, «Акылман» президенттик лицейи, Чолпон-Ата шаары – Ардак грамота;

5. Бараканов Алим, 8-класс, «Акылман» президенттик лицейи, Чолпон-Ата шаары – катышуучу;

6. Абдимиталипов Барсбек, 9-класс, «Акылман» президенттик лицейи, Чолпон-Ата шаары – катышуучу.

Тренерлери: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол

Команданын жетекчилери:
Абдураимов Шумкарбек, Жекшеев Дослан, Асанкадыров Айдин

Өзгөчө белгилей кетчү жагдай, Акимов Ариеттин алтын медалы – Балкандык жаштар математика олимпиадасындагы Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы алтын медаль.

Балкандык математика олимпиадасы 1997-жылдан бери жыл сайын жаштар арасында өткөрүлүп келет, Кыргызстан ага 2015-жылдан бери катышып келет. Бүгүнкү күндө өлкөбүздүн куржунунда жалпы 6 медаль: 1 алтын, 1 күмүш, 4 коло бар.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар