КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫЙ ЖЕТИШКЕНДИГИ: КИБЕРКООПСУЗДУК БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАДАН ЭКИ КОЛО МЕДАЛЬ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

27 Июнь 2025 ж. 10:24

Көрүлдү: 866

2025-жылдын 22–28-июнунда Сингапурда киберкоопсуздук боюнча биринчи эл аралык олимпиада (ICO 2025 Singapore) өттү. Ага 27 өлкөдөн 135 окуучу катышты.

post.title

Кыргызстан бул олимпиадага биринчи жолу катышып, дароо эле чоң ийгилик жаратты. Олимпиадага катышкан 5 окуучунун экөөсү коло медаль жеңип алды. Алар: 

Айпери Акжолтоева – Ысык-Көл облусундагы З. Бектенов атындагы лицейдин 10-классынын окуучусу
Исхак Тажибаев – Бишкектеги «Кут Билим» билим берүү комплексинин 11-классынын окуучусу

Андан тышкары үч окуучу сертификатка ээ болду. Алар: 

Али Имран Кубанов – Бишкек шаарындагы № 6 мектеп-гимназиясынын 11-классынын окуучусу

Алинур Кадыров – «Акылман» президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу

Тенгиз Жамалов – Ысык-Көл облусундагы Х. Карасаев атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу

Команданы эл аралык олимпиадага Кылычбек Урайымов, Эрбол Жусупбековдор даярдашкан. 

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги окуучуларды, мугалимдерди жана машыктыруучуларды эл аралык деңгээлдеги мыкты жетишкендиктери менен куттуктайт жана бул жетишкендик жогорку технологиялар жаатындагы келечектеги жеңиштердин башаты болот деп ишенет!

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар