Автор: Маалыматтык саясат сектору
26 Июнь 2025 ж. 12:16
Көрүлдү: 975
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги «Улут Софт» компаниясы менен биргеликте «Санарип Кампа» жана «Э-Күндөлүк» санарип платформаларын колдонуу боюнча бир катар окуу семинарларын уюштурду.
Иш-чаранын максаты – окуу процессин санариптештирүү деңгээлин жогорулатуу, педагогдордун санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү жана окуу процессине заманбап технологияларды киргизүү. Семинарлар Балыкчы, Каракол, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Ош жана Өзгөн шаарларында өтүп, ага 30дан ашык райондордон жүздөгөн катышуучулар – райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана мектеп директорлору катышты.
Тренингдин жүрүшүндө агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева билим берүү процессин трансформациялоого жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган «Санарип Кампа», «Э-Күндөлүк» санариптик билим берүү платформаларынын мүмкүнчүлүктөрү менен кеңири тааныштырды.
«Биз өлкөдөгү ар бир мугалимдин заманбап санариптик куралдарды өздөштүрүүсүнө аракет кылып жатабыз. Бул жөн гана жаңы платформаларды киргизүү эмес, бул билим берүү ыкмаларын өзгөртүү жана мектеп окуучуларында XXI кылымдын көндүмдөрүн өнүктүрүү дегенди билдирет», – деп белгиледи Лира Самыкбаева.
«Санарип кампа» санариптик билим берүү платформасы табигый илимдер предметтери (STEM) – математика, физика, биология, химия жана география боюнча 5-11-класстар үчүн кошумча окуу материалы катарында иштелип чыккан. Платформа кыргыз жана орус тилдеринде сапаттуу, жеткиликтүү, интерактивдүү жана заманбап билим берүү материалдарын камтыйт: видеосабактар, презентациялар, интерактивдүү симуляторлор, инфографика, 3D-моделдер жана тесттик көнүгүүлөр. Ал ошондой эле мугалимдерге окуу материалдарын жүктөөгө, интерактивдүү тапшырмаларды колдонууга жана «Баалоо» системасы аркылуу тесттерди түзүүгө мүмкүндүк берет. Жасалма интеллекттин жардамы менен тесттерди, сабактын планын жана үн жардамчы аркылуу контент издөөнү автоматташтыруу мүмкүнчүлүгү бар.
Бардык баалар автоматтык түрдө «Э-Күндөлүк» санарип күндөлүгүнө интеграцияланат. Ал мектептерге, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жана Агартуу министрлигине жеткиликтүү, андагы аналитикалык отчётторду Excel форматында жүктөп алса болот. Мугалим убактылуу жок болгондо окуу процессин үзүгүлтүккө учуратпоо үчүн анын ордун алмаштырууга өзгөчө көңүл бурулду. Мугалим убактылуу жок болсо, директордун орун басары даяр жадыбалга түз өзгөртүү киргизип, сабакты өткөрүү үчүн башка окутуучуну көрсөтө алат. Бул үчүн активдүү – интерактивдүү жана өзгөрүлүүчү жадыбал кызматы ишке ашырылат. «Алмаштыруу» деген баскычты басканда сабагы дал келбеген жеткиликтүү мугалимдердин тизмеси чыгат. Бул окуу жүктөмүн бузбай туруп мугалимди бат жана ыңгайлуу алмаштырууга мүмкүндүк берип, окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн камсыздайт.
Мындан сырткары, «Мектепке электрондук кабыл алуу», «Мектептин инфраструктурасы» жана педагогдорду электрондук каттоо, алардын маалыматтарын башкаруучу «Мугалим» автоматтык маалымат системалары талкууланды.
Иш-чаранын соңунда суроо-жооп сессиясы өткөрүлүп, платформаларды жакшыртуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Катышуучуларга методикалык материалдар жана техникалык, методикалык колдоо улантылып жаткан Telegram топторуна кошулуу боюнча нускамалар берилди.








