Автор: Маалыматтык саясат сектору
23 Июнь 2025 ж. 18:05
Көрүлдү: 2743
Быйылкы тестирлөөгө өлкө боюнча жалпы 56 160 бүтүрүүчү катышты, анын ичинен кыргыз тилинде тапшыргандар – 31 721, орус тилинде тапшыргандар – 24 439.
🏅 ЖРТнын жыйынтыгында 54 бүтүрүүчү эң жогорку жыйынтыкты көрсөтүп, “Алтын сертификаттын” ээси болду. Аймактар боюнча алганда, жыйынтык төмөнкүдөй болду:
Бишкек шаары – 38 “Алтын сертификат”;
Жалал-Абад облусу – 4 “Алтын сертификат”;
Чүй облусу – 4 “Алтын сертификат”;
Ысык-Көл облусу – 2 “Алтын сертификат”;
Нарын облусу – 2 “Алтын сертификат”;
Ош шаары – 2 “Алтын сертификат”;
Талас облусу – 1 “Алтын сертификат”;
Россия Федерациясынын жалпы билим берүү уюмдары – 1 “Алтын сертификат”.
📝 “Алтын сертификат” ээлеринин арасынан үчөө – былтыркы жылдын бүтүрүүчүлөрү.
📚Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде грантка талапкер болгон чет мамлекеттердин жарандары – абитуриенттери да ЖРТга катыша алышат.
📈 Мындан тышкары, облустук деңгээлде 19 бүтүрүүчү эң жогорку балл алды:
Баткен облусу – 2;
Жалал-Абад облусу – 2;
Ош облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 2;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 4;
Чүй облусу – 2.
🎓 Агартуу министрлиги жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бардык бүтүрүүчүлөрдү, анын ичинде “Алтын сертификат” ээлерин, чын жүрөктөн куттуктайт! Ошондой эле министрлик ар бир бүтүрүүчүгө келечектеги билим жолунда ийгиликтерди жана зор жетишкендиктерди каалайт!