ОШТО МЕКТЕПТЕРДЕГИ ЖАНА БАЛА БАКЧАЛАРДАГЫ ТАМАК-АШТЫ ОПТИМАЛДАШТЫРУУ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

23 Июнь 2025 ж. 16:40

Көрүлдү: 895

2025-жылдын 20-июнунда Ош  шаарында жалпы билим берүү уюмдарындагы жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы тамактанууну жакшыртуу маселелерине арналган семинар өткөрүлдү.

post.title

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин,  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, мектеп директорлору, ошондой эле БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын кызматкерлери катышты.

Семинардын негизги максаты «Кыргыз Республикасында мектептеги тамактанууну оптималдаштыруу» программасынын ишке ашырылышы боюнча жыйынтык чыгаруу жана 2025 – 2026-окуу жылына карата кийинки кадамдарды аныктоо болду. Өзгөчө көңүл 2025-жылы программаны кеңейтүүнүн 35 мектепти жана 13 пилоттук мектепке чейинки билим берүү уюмун камтыган 13-агымын ишке киргизүүгө бурулду.

Семинардын алкагында мектептерге жана бала бакчаларга азык-түлүк жеткирүү, эсепке алуу, пландаштыруу жана MoDa мониторинг системасын колдонуу маселелери да талкууланды. Бул санариптик инструмент программанын бардык деңгээлде натыйжалуу жана ачык-айкын ишке ашырылышын камсыздоого багытталган.

Семинардын өткөрүлүшү балдардын ден соолугун жана билим алуу процессин колдоо максатында коопсуз, сапаттуу жана тең салмактуу тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча дагы бир маанилүү кадам болуп калды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар