Автор: Маалыматтык саясат сектору
23 Июнь 2025 ж. 16:09
Көрүлдү: 1242
Сербия Республикасы «Мир в Сербии» долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Сербиянын жогорку окуу жайларынан бир бюджеттик орун бөлүп берди.
Программа 2025/2026-окуу жылында серб тилин үйрөнүү үчүн бир жылдык даярдоо курсун жана 2026/2027-окуу жылында Сербия университеттеринде окууну камтыйт.
Долбоор тууралуу кеңири маалымат, факультеттердин тизмеси, анкета формасы, дарыгер толтурган медициналык маалымдаманын үлгүсү жана документтерди тапшыруу боюнча көрсөтмөлөр расмий сайтта жеткиликтүү: https://prosveta.gov.rs/skolski-i-studentski-zivot/stipendije/stipendije-srbije-stranim-studentima//stipendije-svet-u-srbiji
Өтүнмөлөрдү жана керектүү документтерди 2025-жылдын 25-июнуна чейин worldinserbia@prosveta.gov.rs электрондук дарегине жөнөтүү керек.
Ошондой эле сунушталган талапкерлердин тизмесин Сербия Республикасынын Элчилигинин ambasada.moskva@mfa.rs электрондук дарегине жөнөтүү керек.