КР БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МЕНЕН “АЛАБУГА” ӨЭА КЫЗМАТТАШУУ ТУУРАЛУУ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

20 Июнь 2025 ж. 18:45

Көрүлдү: 1645

Бүгүн, 20-июнда, Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен “Алабуга” өзгөчө экономикалык аймагынын (Россия Федерациясы) ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

post.title

Меморандум кесиптик билим берүү чөйрөсүндө өз ара пайдалуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын Алабуга” ӨЭА ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган.

Кызматташуунун алкагында Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын аймагында Алабуга Старт дуалдык программасын ишке ашырууга ар тараптуу колдоо көрсөтөт. Программанын катышуучулары суроо-талапка ээ болгон кесипти өздөштүрө алышат, ошондой эле карьералык өсүү мүмкүнчүлүктөрүн колдонушат жана атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек акы алышат.

Биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу процессинде биз теңчилик, өз ара урматтоо жана эки тараптын кызыкчылыктарын коргоо принциптеринде өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө умтулабыз, – деп белгилешти Алабуга Старттын” өкүлдөрү.

Тараптар жетишилген макулдашуулар Кыргызстандын жарандарынын кесиптик потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү туруктуу жана натыйжалуу өз ара аракеттенүү үчүн бекем негиз түзөрүнө ишенерин билдиришти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар