Автор: Эл аралык кызматташтык сектору
20 Июнь 2025 ж. 18:06
Көрүлдү: 1084
Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Россия Федерациясына расмий иш сапарынын алкагында Россиянын инклюзивдик жана коррекциялык билим берүү үчүн адистерди даярдоо жаатындагы алдынкы жогорку окуу жайларынын бири деп эсептелген А.И. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетине барды.
Университеттин жетекчилиги менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын мектептериндеги инклюзивдик жана коррекциялык класстарда сабак берүү үчүн педагогикалык кадрларды даярдоо жаатында кызматташууну баштоо жөнүндө макулдашуу жетишилди.
Бүгүнкү күндө өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар көптөгөн балдар кесиптик колдоого жана ылайыкташтырылган билим берүү чөйрөсүнө муктаж. Кыргыз Республикасындагы билим берүүнү трансформациялоо ар бир баланын – ден соолугунун абалына же өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө карабастан – сапаттуу билим алышына багытталган. Квалификациялуу мугалимдерди даярдоо бул максатка жетүү үчүн негизги шарт болуп саналат.
А.И. Герцен атындагы РМПУ атайын педагогика, инклюзия жана дефектология жаатында уникалдуу экспертизага ээ.
Жетишилген макулдашуунун алкагында:
- кыргызстандык мугалимдер үчүн инклюзивдик жана коррекциялык билим берүү боюнча такшалтмаларды жана кайра даярдоо курстарын уюштуруу;
- биргелешкен билим берүү программаларын жана квалификацияны жогорулатуу курстарын иштеп чыгуу;
- студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү үчүн шарттарды түзүү;
- биргелешкен илимий-практикалык иш-чараларды өткөрүү жана педагогикалык жаңычылдыктар жаатында тажрыйба алмашуу.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги бул кызматташтыкты инклюзивдик билим берүүнүн улуттук системасын өнүктүрүүдө жана өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен иштеген мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатууда стратегиялык кадам катары карайт.