Автор: Эл аралык кызматташтык сектору
20 Июнь 2025 ж. 16:14
Көрүлдү: 1196
Ушул күндөрү Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында XXVIII Петербург эл аралык экономикалык форуму өтүп жатат. 2025-жылдын 18-июнунда башталган Форум өз ишин 21-июнда жыйынтыктайт. Кыргыз Республикасынан барган атайын делегациянын мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Бактияр Орозов, Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министринин орун басары Ольга Петровалар “Евразия өлкөлөрүнүн бирдиктүү билим берүү алкагы. Биригүүгө карата жаңы чечимдер” аттуу панелдик талкууга катышып, билим берүүнүн экономикалык өнүгүүгө кошкон салымы, Евразия өлкөлөрүнүн биримдикте иштеши тууралуу ойлорун ортого салышты.
Д. Кендирбаева билим берүүнү жуурулуштуруу, ошол эле учурда улуттук баалуулуктарды сактап калуу зарылдыгын баса белгилеп, Кыргызстанда орус тилине, орус маданиятына олуттуу мамиле жасалып жатканына токтолду. Ал Россия Федерациясынын билим берүү мейкиндигине көчмөндөрдүн цивилизациясын, анын ичинде кыргыз маданиятын да жайылтуу, STEM багытында, инклюзивдик билим берүү, коррекциялык окутуу, эрте жаштан өнүктүрүү, дефектология, мугалимдердин дараметин арттыруу жаатында кызматташа турган жакшы саамалыктар бар экенин, билим берүү туризмин жана маданий туризмди өнүктүрүүнүн келечеги чоң экенин баса белгилеп кетти.
Ал эми Б. Орозов илим, жогорку билим берүү жаатында кызматташуу азыркы учурда жигердүү жүрүп жатканына, аны дагы жакшыртуу жаатында көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар экенине мисалдар менен токтолду.
Министрлердин пикирлери Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов тарабынан толук колдоо таап, анын сунушу менен Кыргызстандын делегациясы 247 жылдык тарыхы бар А.И. Герцен атындагы Россия мамлекеттик педагогикалык университетинин жетекчилиги жана эмгек жамааты менен жолугушту. Жолугушууда мындан аркы кызматташуу багыттары талкууланды. А.И. Герцен атындагы РМПУнун ректору Сергей Тарасов айтылган сунуштарды толук колдой турганын билдирип, университетте Көчмөндөр цивилизациясы борборун уюштуруу маселесин тиешелүү адистерге тапшырды. Ошондой эле кыргызстандык студенттерге квота берүү маселеси да колдоого ээ болду. Андан тышкары “Евразия” автономиялуу коммерциялык эмес уюмунун каржылоосунда кыргызстандык 100 мугалимди А.И. Герцен атындагы РМПУда такшалтмадан өткөрүү сунушу да колдоо тапты.

