Автор: Эл аралык кызматташтык сектору
20 Июнь 2025 ж. 10:16
Көрүлдү: 1133
Үстүбүздөгү жылдын 18-июнунда XXVIII Петербург эл аралык экономикалык форумунун салтанаттуу ачылышы өткөрүлдү. Ага Кыргыз Республикасынын агартуу министри Д. Кендирбаева жана Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновация министри Б. Орозов катышты.
Петербург эл аралык экономикалык форумунун ачылышынын алкагында өткөрүлгөн маанилүү пленардык жыйын убагында Д. Кендирбаева жана Б. Орозов өлкөнүн билим берүү жана илим жаатындагы өнүгүшүнө багытталган билим берүү системасын модернизациялоо, илим жана технологиялар жаатында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
