КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫНЫН БИРИНЧИ РЕЙТИНГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

19 Июнь 2025 ж. 12:49

Көрүлдү: 1372

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги EdNet билим берүү жаатындагы сапатты кепилдөө боюнча агенттиги менен биргеликте 18-июнда “Кабар” кыргыз улуттук маалымат агенттигинде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын билим берүү программаларынын биринчи рейтингинин жыйынтыгын чыгарууга арналган пресс-конференция өткөрдү.

post.title

Пресс-конференцияга төмөнкүлөр катышты:

- Альберт Махметкулов, Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары;

- Оңолкан Уманкулова, EdNet билим берүү жаатында сапатты кепилдөө боюнча агенттигинин президенти;

- Айжамал Жумакадырова, EdNet билим берүү жаатында сапатты кепилдөө боюнча агенттигинин рейтинг боюнча координатору.

Пресс-конференциянын жүрүшүндө төмөнкү багыттар боюнча билим берүү программаларын баалоонун жыйынтыктары сунушталды:

•    Педагогика

•    Дарылоо иши

•    Юриспруденция

•    Эл аралык мамилелер

•    Экономика

•    Маалыматтык технологиялар

•    Маалыматтык системалар жана технологиялар

Рейтинг ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин формасына карабастан Кыргызстандын бардык ЖОЖдорун камтыды жана Кыргызстандагы жогорку билим берүүнүн кадыр-баркын жогорулатуунун жана таанымалдуулугун арттыруунун маанилүү куралы болуп калды.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү программаларынын сапатын жана алардын эл аралык стандарттарга шайкештигин жогорулатууга багытталган рейтинг системасын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууда. Рейтингдин натыйжалары ЖОЖдорго күчтүү жана алсыз жактарын аныктоого, мыкты окутуучуларды жана студенттерди тартууга жана заманбап билим берүү стратегияларын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Өткөн жылы министрлик EdNet агенттиги менен биргеликте ЖОЖдордун биринчи улуттук рейтингин өткөргөн, бул билим берүү мекемелерине ачык-айкын жана объективдүү баа берүүдө маанилүү кадам болгон. Бул жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана EdNet агенттиги аталган демилгени жигердүү өнүктүрүп, жогорку билим берүү системасын андан ары жакшыртууга багытталган билим берүү программаларынын рейтингин ишке киргизди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар