МУГАЛИМДЕРГЕ АРНАЛГАН НОУТБУКТАР ДАЯРДАЛУУДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору

19 Июнь 2025 ж. 12:12

Көрүлдү: 1069

2025-жылдын 18-июнунда, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Технопаркка барып, мугалимдерге берилүүчү ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болду.

post.title

КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев министрди аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен тааныштырды.

Технопарктын директору Касымбек Келебаевдин айтымында, ушул тапта 3500 даана ноутбук даярдалып, аларды министрликке өткөрүп берүү үчүн тиешелүү документтер даярдалууда.

Министр Д. Кендирбаева «Алтын Казык» программасынын алкагында ар бир мугалим акысыз, сапаттуу, билим берүүдөгү керектүү платформалар камтылган ноутбук менен камсыздаларын дагы бир жолу билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар