ЖРТда ЖОГОРКУ БАЛЛ АЛГАН АБИТУРИЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИ САЛТ БОЮНЧА ОБОЛУ МИНИСТРГЕ ТАПШЫРЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

17 Июнь 2025 ж. 19:07

Көрүлдү: 1583

Бүгүн, 17-июнда, Кыргыз Республикасынын агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага 2025-жылы өткөрүлгөн Жалпы республикалык тесттин (ЖРТ) жыйынтыгында өлкө боюнча эң жогорку упай топтогон абитуриенттердин тизмеси расмий түрдө тапшырылды.

post.title

Жыйынтыктарды Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева министрге жабык конверт менен берди. Анын ичинде “Алтын сертификат” алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси жана облустарда жогорку упайларды топтогон мыкты абитуриенттердин тизмеси бар.

Министрлик ЖРТда жогорку упай алган абитуриенттердин тизмесин коомчулукка жакын арада жарыялайт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар