Автор: Маалыматтык саясат сектору
17 Июнь 2025 ж. 17:50
Көрүлдү: 729
Бүгүн, 17-июнда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Чүй облусунун Сокулук районундагы А. Жакшылыков атындагы №1 орто мектеп-гимназиясынын 450 орунга ылайыкталган кошумча окуу корпусунун курулушу менен таанышты.
Белгилей кетсек, алгач бул имараттын курулушун каржылоого республикалык бюджетте 45 млн сом каралган. Курулуш иштери 2016-жылы башталып, 2017-жылы токтоп калган. Арадан 6 жыл өткөндөн кийин курулуш иштери кайра жанданган, ага 2023-жылы республикалык бюджеттен кошумча 22 млн сом, 2024-жылы дагы 5 млн сом бөлүнүшү себеп болгон. Куруучулардын айтымында, бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 25 пайызы бүттү. Курулуш иштери быйылкы жылдын аягына чейин толугу менен жыйынтыкталат.
“Сокулук – борборго жакын жайгашкан өлкөбүздөгү ири райондордун бири. Бул райондо жергиликтүү элден тышкары аймактардан келген мекендештерибиз да арбын жашайт. Андыктан кошумча каражаттар бөлүнүп, курулуш иштери аягына чыгарылышы зарыл”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Мугалимдер менен болгон баарлашуу учурунда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева азыркы учурда мазмундук реформанын алкагында алгачкы жаңы окуу китептери таркатылып жатканын, мындан ары мектептерде инфраструктуралык шарттар жакшыртылып, мугалимдерди социалдык колдоо программалары да ишке ашырыларын белгиледи.
Иш сапарынын алкагында министр ушул кезде иштеп жаткан мектептин абалы жана оңдоп-түзөө иштери менен жеринен таанышып чыкты.