МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮДӨ ЖАҢЫ МОНИТОРИНГ КУРАЛЫ 15 ПИЛОТТУК БАЛА БАКЧАДА АПРОБАЦИЯДАН ӨТҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

13 Июнь 2025 ж. 17:01

Көрүлдү: 839

2025-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан 5–6 жаштагы балдардын башталгыч мектепке даярдыгын баалоого багытталган тышкы мониторинг куралын апробациялоо жана ылайыкташтыруу пландалган Бишкек шаарынын жана Сокулук районунун 15 мектепке чейинки билим берүү уюмунун базасында иш жүргүзө турган райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, жетекчилер, усулчулар жана тарбиячылар үчүн баштапкы семинар-тренинг өткөрүлдү.

post.title

Пилоттук мектепке чейинки билим берүү уюмдарында 2025-жылдын июнь айынан август айына чейинки мезгилде Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти тарабынан жүргүзүлүп жаткан мониторинг инструментин ишке киргизүү алкагында ылайыкташтырууга тийиш болгон индикаторлор жана критерийлер апробациядан өткөрүлөт.
Мониторинг куралдары эл аралык ыкмалардын негизинде иштелип чыгып, мектепке чейинки билим берүүдөгү сапаттын абалы тууралуу объективдүү маалымат алууга багытталган.
Апробациянын жыйынтыгында алынган маалыматтар талданып, зарыл болгон өзгөртүүлөр киргизилет. Жаңыланган инструменттер өлкөнүн мектепке чейинки билим берүү системасына кеңири масштабда киргизилиши пландалууда.

Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын өнүктүрүүнүн улуттук программасын 2026-жылга чейин ишке ашыруунун алкагында, 2025-жылга карата Агартуу министрлигинин иш-планыа ылайык жүргүзүлүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар