КЫРГЫЗСТАН ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН 9-КЕҢЕШМЕСИНЕ КАТЫШУУДА

Автор: Маалыматтык саясат сектору

12 Июнь 2025 ж. 18:32

Көрүлдү: 681

Бүгүн, 2025-жылдын 12-июнунда, Кыргыз Республикасынын делегациясы — Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректору Садыкбек кызы Жайна жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Турдубаева — Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин илим жана технология боюнча министрликтеринин жана мекемелеринин жетекчилеринин 9-кеңешмесине катышты. Иш-чара Кытайда Кытай Эл Республикасынын Илим жана технологиялар министри Инь Хэцзюн төрагалыгында өтүп жатат.

post.title

Жыйындын жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин илимий-техникалык саясат боюнча тажрыйба алмашуу маселелери, айрыкча сегизинчи жыйындан кийин жүргүзүлүп жаткан иштер талкууланды.

Агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов сүйлөп жатып заманбап доордо туруктуу өнүгүү жана технологиялык секирик биргелешкен аракеттерсиз мүмкүн эместигин белгиледи. Анын айтымында, бул өзгөчө ШКУга мүчө мамлекеттер үчүн маанилүү, анткени алар адамдык, интеллектуалдык жана ресурстук потенциалга ээ.

Жыйындын алкагында ШКУга мүчө мамлекеттердин жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча кызматташуу программасын ишке ашыруу боюнча «Жол картасы» бекитилди. Ошондой эле эки негизги документ: «ШКУга мүчө мамлекеттердин илимий-техникалык жана инновациялык кызматташтыгын 2030-жылга чейин өнүктүрүү боюнча аракеттердин планы» жана ШКУнун алкагында көп тараптуу илимий изилдөө долбоорлорун пилоттук сынак аркылуу тандоо процесси тууралуу маалымат сунушталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар