А. МАХМЕТКУЛОВ «БИР АЛКАК – БИР ЖОЛ» ДЕМИЛГЕСИНИН АЛКАГЫНДАГЫ ЭКИНЧИ МИНИСТРЛИК ЖОЛУГУШУУГА КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

12 Июнь 2025 ж. 17:39

Көрүлдү: 612

Кыргыз Республикасынын делегациясы Кытай Эл Республикасынын Чэнду шаарында өтүп жаткан илим, технология жана инновациялар боюнча «Бир алкак – бир жол» демилгесинин алкагындагы экинчи министрлик жолугушууга катышууда. Делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин проректору Садыкбек кызы Жайна жана министрликтин эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Гүлзада Турдубаева бар.

post.title

Жолугушууда агартуу министринин орун басары Альберт Махметкулов Кыргыз Республикасы илимий-техникалык кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурарын белгиледи.

«Биз илим менен технология — бүгүнкү күндүн чакырыктарына жооп берүүдөгү негизги куралдар деп эсептейбиз. Экологиядан тартып саламаттык сактоого, санариптештирүүдөн баштап энергетикага чейин — булардын баары биргелешкен аракеттерди талап кылат. Дүйнөдө бир да мамлекет глобалдык көйгөйлөрдү өз алдынча чече албайт. Ошондуктан эл аралык кызматташтык, анын ичинде Кытай менен өнөктөштүк — биздин өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ», — деди ал.

Жолугушууга дүйнөнүн 41 өлкөсүнөн билим берүү жана илим министрликтеринин өкүлдөрү катышууда. Алар илим жана технология тармагында эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнүн, ошондой эле мамлекеттер ортосунда тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар