Автор: Маалыматтык саясат сектору
11 Июнь 2025 ж. 18:28
Көрүлдү: 1135
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги өлкөнүн билим берүү системасын масштабдуу санариптик трансформациялоонун алгачкы жыйынтыктарын сунуштайт. Мектептик билим берүү деңгээлинде беш негизги автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүнүн аркасында министрлик педагогдорго жүктөлгөн бюрократиялык жүктү азайтууга жана билим берүүнү башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга карай олуттуу кадамдарды жасоодо. Бул – Кыргызстандын билим берүү системасын түп-тамырынан өзгөртө турган масштабдуу трансформациянын башталышы гана.
Санариптештирүү – трансформациянын негизги элементи
Санариптештирүү – Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын бүтүндөй трансформациялоонун ажырагыс жана негизги бөлүгү. Заманбап маалыматтык технологиялар бир кыйла ачык-айкын, ийкемдүү жана окуучулар менен педагогдордун керектөөсүнө багытталган системаны курууга мүмкүндүк берет. Министрликтин максаты – процессти жөн гана автоматташтыруу эмес, бардык деңгээлдерде – мектептен тартып мамлекеттик саясатка чейин – билим берүүнү башкарууга жана өнүктүрүүгө мамилени өзгөртүү.
Бюрократиялык жүктү кескин азайтуу
Педагогдор менен окуучулардын өздүк көктөмөлөрүн, ошондой эле мектептин өзүнүн документтерин санариптештирүүнүн эсебинен санариптештирүүнүн биринчи этабында мурда педагогдор тарабынан колго толтурулган 46 отчёттун отузун жокко чыгаруу мерчемделүүдө. Эми бул отчёттордун баары каалаган күнгө карата реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө түзүлөт.
2025-жылдын ноябрынан тартып, өлкөнүн бардык мамлекеттик жана муниципалдык мектептеринде (2025-жылдын сентябрынан тартып өтүүнү мерчемдеген Бишкек шаарынын мектептерин кошпогондо) ийгиликтүү киргизилген “Күндөлүк” АМС мектептик билим берүү деңгээлиндеги негизги система болуп саналат. Ушул тапта системаны күн сайын 50 миңге жакын мугалим колдонууда.
Киргизилген санариптик системалар
“Күндөлүк” АМС – балдардын социалдык статусу, аярлуу топторго таандыктыгы, мектептердин ортосундагы которуулар жана жетишүүсү жөнүндө маалыматтарды жана мектептеги бардык окуу процессиндеги окуучунун ишмердүүлүгүнө тиешелүү башка маалыматтарды камтыган окуучунун электрондук өздүк делосунун жана отчёттуулугунун модулдары бар электрондук күндөлүк.
“Мугалим” АМС – билим берүү уюмдарынын жетекчилерин жана мугалимдерин жалдоо процессин автоматташтырууга, педагогдорду аттестациялоого, кагаз жүзүндө документтерди тапшырбастан сыйлыктарга көрсөтүүгө мүмкүндүк берген өлкөнүн бардык педагогдорунун электрондук өздүк делосу бар бирдиктүү реестри.
“Мектеп инфраструктурасы” АМС – билим берүү уюмдарынын инфраструктурасынын абалына мониторинг жүргүзүү, анын ичинде билим берүү уюмдарынын имаратынын конструкциялык элементтеринин (фундамент, дубал, жабуу ж.б.) техникалык абалы тууралуу маалыматтарды чогултуу жана эсепке алуу, системасы. Системада уюштуруу техникасынын, компьютерлердин саны, интернеттин ылдамдыгы, көмүр менен камсыздалышы ж.б. боюнча маалыматтар да чагылдырылат.
Имараттын, ага жанаша жайгашкан участоктордун, ошондой эле мектептин жабдууларынын абалы жөнүндө ыкчам маалыматтарды алуудан тышкары, система мектеп тарабынан керектүү чыгымдалуучу материалдар жана ресурстар, жабдуулар, оңдоо ж.б. боюнча суроо-талаптарды автоматташтырууга мүмкүндүк берет.
Мектептерге электрондук каттоо – мектепке балдарды кабыл алуунун толук автоматташтырылган системасы, мында ата-энелер тарабынан сайтта мурда бекитилген бардык маалымкаттардан толук баш тартуу ишке ашырылат. Бул “Мектепке электрондук каттоо” системасын мамлекеттик маалымат базалары менен интеграциялоонун аркасында мүмкүн болду. Ата-энелер баласын мектепке “Түндүк”, MegaPay, МойО!+Банк тиркемелери жана 1mektep.edu.gov.kg порталы аркылуу бир баскыч менен каттаса болот.
“Санариптик аттестат” жана “Санариптик диплом” системалары нострификация, документтердин аныктыгын тастыктоо процессин автоматташтырууга мүмкүндүк берген билим берүү жаатындагы документтердин реестри болуп саналат. Система бүтүрүүчүлөрдүн саны, анын ичинде артыкчылык менен бүткөндөр, региондор, жынысы, датасы жана башка параметрлер боюнча отчётторду алууга мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда санариптик аттестаттар “Түндүк” тиркемесинде 2018 жана андан кийинки бүтүрүүчүлөр үчүн жеткиликтүү, ошону менен катар 2000-2017-жылдардагы маалыматтарды санариптештирүү боюнча иш жүрүп жатат.
Санариптик дипломдор 2025-жылкы басылыштан тартып жеткиликтүү болуп калат. “Түндүк” тиркемеси менен биргеликте “Дипломду санариптештир” сервисин ишке киргизүү боюнча иш жүргүзүлүүдө, анда жарандар өзүнүн дипломун санарипке өткөрүү боюнча аралыктан суроо-талап жибере алышат. Бул автоматташтырылган суроо-талап архивдер көтөрүлө турган жана тиешелүү маалыматтар “Санариптик диплом” системасына киргизиле турган тиешелүү ЖОЖго берилет. Андан соң диплом “Санариптик документтер” тиркемесинде жеткиликтүү болот.
Техникалык өнүгүү
2025-жылдын аягына чейин бардык кызыкдар тараптар үчүн “ачык маалыматтар” форматында билим берүү системасындагы деперсонализацияланган маалыматтарга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздай турган ББМС (Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасынын) борбордук маалыматтар кампасын ишке киргизүү пландалууда.
Дүйнөлүк банктын долбоорунун алкагында министрлик тарабынан жаңы сервердик жабдуулар сатылып алынат, бул ата-энелердин системаларга кирүүсүнө, башка колдонуучулардын санын көбөйтүүгө жана маалыматтарды иштеп чыгуунун сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Өнүгүү пандары
2025-жылдын сентябрынан тартып “Күндөлүк” АМС Бишкектин бардык мектептерине, ошондой эле жеке менчик мектептерге киргизилет, бул бүтүндөй мектеп системасын камтууга жана натыйжалуу саясий жана административдик чечимдерди кабыл алуу максатында маалыматтар менен ыкчам иштөөгө мүмкүндүк берет.
Ошондой эле 2025-жылдын аягына чейин ББМСнын (Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасы) борбордук маалымат кампасын ишке киргизүү пландалууда, анда башка бардык мамлекеттик органдар үчүн статистиканы чогултуу, мониторинг жүргүзүү, башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үчүн “ачык маалыматтар” форматында билим берүү чөйрөсүндөгү бардык маалыматтар бир жерде жеткиликтүү болот.
ББМС ишке киргенден кийин үчүнчү жактар үчүн билим берүү маалыматтары боюнча бардык отчёттор биротоло жокко чыгарылат, бул мугалимдерге жана мектеп жетекчилерине административдик жүктү азайтат.
Ушул тапта окуу жылынын жабылышынын жана жаңы окуу сезонуна даярдануунун алкагында өлкө боюнча мектептердин администраторлору үчүн республикалык тренингдер өткөрүлүп жатат.