Автор: Маалыматтык саясат сектору
11 Июнь 2025 ж. 12:27
Көрүлдү: 269
Франциянын Кыргызстандагы Элчилиги быйыл жайында Францияда өтө турган тилдик стажировкага конкурс жарыялайт! Стажировка 2025-жылдын 11–22-августунда Виши шаарындагы CAVILAM – Alliance Française борборунда өтөт.
🔹Кимдер катыша алат: Кыргызстандагы бардык француз тили мугалимдери (мектеп, жогорку окуу жай, мамлекеттик жана менчик билим берүү мекемелери).
🔹 Керектүү документтер: анкета, француз тилинде резюме, толтурулган конкурстун жобосу.
🔹 Документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 15-июнунун түн ортосуна чейин
Документтерди төмөнкү почтага жиберүү зарыл:
📧 etienne.lancelot@diplomatie.gouv.fr
📌 Толук маалымат: https://kg.ambafrance.org/
Жүктөп алуу: Конкурстун жобосу жана Талапкердин анкетасы