Автор: Маалыматтык саясат сектору
10 Июнь 2025 ж. 14:12
Көрүлдү: 4082
Бишкек, 2025-жылдын 10-июну. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги 2024-2025-окуу жылынын жыйынтыгын чыгарып жатып, бул жыл окутуунун сапатын жогорулатууга, окуу программаларын модернизациялоого, алдынкы билим берүү технологияларын киргизүүгө жана мектеп инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган “Алтын Казык” билим берүү системасын ар тараптуу трансформациялоонун улуттук программасын ишке ашыруунун маанилүү этабы болуп калганын белгилейт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова шейшембиде өткөн маалымат жыйынында билдирди.
Министрликтин негизги көңүлү Кыргызстандын билим берүү системасын масштабдуу трансформациялоонун негизги элементи болуп саналган мектептик билим берүүнүн 12 жылдык системасына этап менен өтүүгө бурулду. Өнүккөн өлкөлөрдөгүдөй эле, бул модель балдарга билимдерди өздөштүрүү, көндүмдөрдү өнүктүрүү, жашоого, окууга, кесипке даярдоо үчүн көбүрөөк убакыт берет.
Жыл ичинде төмөнкүдөй маанилүү ченемдик укуктук документтер кабыл алынды:
• 12 жылдык билим берүүгө өтүү концепциясы,
• Жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты,
• Жаңыртылган предметтик стандарттар жана окуу программалары.
Алардын негизинде 2025-2026-окуу жылынан тартып:
(2019-жылы төрөлгөн) 6 жаштагы балдар 1-класста окуй башташат;
Мектепке даярдоо курсун бүткөн балдар 2-класста окушат;
5 жана 7-класстар жаңы программалар жана окуу китептери боюнча билим алууга өтүшөт.
Мугалимдер жаңы ыкмаларга даяр болушу үчүн масштабдуу окутуу уюштурулду:
• 80 мастер-тренер STEM багыттары боюнча дээрлик 16 миңдей педагогду даярдады;
• 37 миңден ашуун мугалим башка предметтер боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарынан өттү.
Улуттук статистика комитети жарыялаган маалыматка ылайык, 2024 – 2025-окуу жылында мектептерде жалпы 93 696 мугалим иштесе, анын ичинен 87 385 мугалим мамлекеттик мектептерде эмгектенүүдө.
Билим берүүнү санариптештирүүнү колдоо үчүн:
• 1000 даана компьютердик техника сатып алынды;
• 2025 – 2026-окуу жылына карата мугалимдер үчүн 27 миңден ашуун ноутбук сатып алынат;
• электрондук сервистер: «Санарип Кампа», «Балалык», мектепке электрондук каттоо, электрондук күндөлүк жана билими жөнүндөгү санарип документтер ишке киргизилди.
Ошондой эле, мектептердин инфраструктурасына өзгөчө көңүл бурулду:
• «Мектеп» системасында интеграцияларды колдонуу менен орундарды инвентаризациялоо жүргүзүлдү: 1534 мектепте дээрлик 489 миңден ашуун бош орун катталды, бирок 577 мектепте 163 миңден ашуун орун жетишсиз экени аныкталды;
• 2025-жылы өлкө боюнча 500гө жакын билим берүү объектин куруу, оңдоо жана долбоорлоо пландалды.
2025-жылы мамлекет билим берүүгө 68,8 млрд сом бөлүп берди, бул өлкөнүн ИДПнын 4,2% түзөт. Бул билим берүүгө инвестиция өзгөчө артыкчылыктуу болуп калганын көрсөтөт.
Жаңыланган мектеп – жаңыланган стандарттар, программалар жана окуу китептери
12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн алкагында бүтүндөй билим берүү процесси түп-тамырынан бери кайра каралып чыгууда: жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты кабыл алынды, 38 предметтик стандарт жаңыртылды, заманбап окуу программалары жана окуу-методикалык комплекстер иштелип чыгууда.
«Мугалимдер практикага багытталган жаңы технологияларды, айрыкча STEM-программалардын алкагында, өздөштүрүп жатышат. Математика, табият таануу, физика, химия, биология жана англис тили сыяктуу предметтерге өзгөчө көңүл бурулууда», – деп белгиледи Надира Джусупбекова.
Жаңы окуу материалдары – бул жөн гана окуу китептери эмес, жумушчу дептерлери, аудио жана видео контенттери, ошондой эле мугалимдер үчүн методикалык колдонмолору бар окуу-методикалык комплекс. Алар билимди практикалык колдонууга, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жана окуучулардын шыктандырууга багытталган. Материалдар мамлекеттик стандарттарга дагы, эл аралык стандарттарга дагы ылайык келет.
2025-жылы жаңы окуу китептерин басып чыгарууга мамлекет тарабынан 744 млн сом бөлүндү.
- бардык класстар үчүн кыргыз жана орус тилдериндеги окуу китептеринин толук комплектин 2028-жылга чейин даярдап бүтүрүү пландалууда.
- 272,7 млн сомго 3 – 9-класстар үчүн англис тили боюнча 1 262 420 даана окуу китеби басып чыгарылды.
- Улуу Британиянын Элчилигинин колдоосу менен дээрлик 25 млн сомго кошумча 158 700 даана китеп басылып чыкты.
- 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн математика жана табият таануу боюнча окуу китептеринин экспертизасы аяктап калды.
- Россия Федерациясынын Агартуу министрлиги менен биргеликте 1, 2, 5 жана 7-класстар үчүн орус тили жана адабияты боюнча окуу китептери адаптацияланууда.
Бала бакчалар жеткиликтүү болуп баратат
Мектепке чейинки билим берүү – ийгиликтүү мектептик билимдин пайдубалы. Азыр толук күндүк бала бакчаларда 257 миңден ашуун бала тарбияланууда, ал эми жыл ичинде бала бакчалардын саны 85ке көбөйүп, жалпы саны 1997ге жетти.
Мектепке даярдыкты эске алуу менен мектепке чейинки билим берүү менен камтуу деңгээли 44,3 пайызды түздү. Жакынкы жылдары бул көрсөткүчтү 60 пайызга жеткирүү максат кылынууда.
Мектепке чейинки билим берүүнүн жаңы мамлекеттик стандарты, ошондой эле бала бакчалардын ишин жеңилдетүүчү жана ата-энелер үчүн жеткиликтүү кылуучу бир катар документтер кабыл алынды.
560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылды, бул толук күндүк бакчага баласын бере албай жаткан үй-бүлөлөр үчүн өзгөчө маанилүү;
• Ваучердик система – мектепке чейинки билим берүүнү каржылоонун толук автоматташтырылган жаңы модели киргизилди;
• 570 бала бакчада 985 жаңы топ ачылып, аларга 25 645 бала кабыл алынды (айрым бакчаларда уктоочу бөлмөлөр билим берүү мейкиндигине айлантылды);
• 257 үй тибиндеги бала бакча ачылды, жеке ишкерлер үчүн салыктык жеңилдиктер каралды;
• Мамлекеттик банктар бала бакчаларды куруу жана реконструкциялоо үчүн 10 млн сомдон 70 млн сомго чейинки суммада жеңилдетилген насыя бере башташты (азырынча 6 насыя берилди);
• Менчигинин түрүнө карабастан бардык бала бакчалардын тизмеги «Балалык» автоматташтырылган системасына киргизилди.
Мектепке 1 – 2-класстарга балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу жүрүүдө
12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүүгө байланыштуу 2025-жыл өзгөчө болуп калды: биринчи жолу балдар мектепке дароо эки класска (1 жана 2-класстарга) кабыл алынат. Бул 12 жылдык билим берүү моделине өтүү менен байланышкан.
«Мектепке электрондук каттоо» системасы модернизацияланып, ар бир мектеп ар бир класс жана окутуу тили боюнча квоталарды киргизди. Баштапкы этапта өлкө боюнча 1-класстар үчүн 151 000, ал эми 2-класстар үчүн 164 000 орун жеткиликтүү болгон.
1-этаптын жыйынтыгында 1-класска – 47 592 бала, 2-класска – 66 404 бала кабыл алынды, анын ичинен 20 632си Бишкекте.
2025-жылдын 2-июнунда башталган 2-этапта ата-энелер баланы каттоо дарегине карабастан бош орундар бар мектептерди тандай алышат. Каттоо «Түндүк» платформасы, https://1mektep.edu.gov.kg/ сайты жана банктык мобилдик тиркемелер аркылуу жүргүзүлөт. 2025-жылдын 9-июнундагы саат 13:00гө карата республика боюнча 148 000 бош орун калган, анын ичинен 4 699 Бишкек шаарында.
Айрыкча Бишкек жана Ош шаарларына жогорку ички миграция байкалууда. Бишкек мэриясы менен биргеликте министрлик микроучасткалардын чегинде альтернативалуу варианттарды алдын ала караштырып, ата-энелерге 2-3 мектептин ичинен тандоо мүмкүнчүлүгү берилди.
Жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы 2025-жылдын 30-майында кошумча квоталарды бөлдү. Бирок жогорку суроо-талап “Мектепке электрондук каттоо” системасынын ишине күч келтирди. Бир убакта 9 миңден ашуун колдонуучу онлайн болуп, 2-июндун алгачкы сааттарында мүнөтүнө 90 бала кабыл алынды, бул былтыркы көрсөткүчтөн эки эсе көп болду. Ошол эле күнү 2000ге жакын ата-эне мурда тандаган мектептен баш тартты, бул да системага жүк болду. Жалпысынан өлкө боюнча ошол күнү 162 миң бош орун катталды, бирок сандар тез өзгөрүп турду.
Тартип бузуулар да катталды, кээ бир ата-энелер жалган маалымат жана туура эмес документтерди колдонушкан. Бул фактылар атайын комиссия тарабынан каралып, мыйзамсыз каттоолор жокко чыгарылды. Бишкек шаарындагы №29 мектеп боюнча эле 86 мыйзамсыз каттоо жокко чыгарылды. Ачыктыкты жана калыстыкты камсыздоо максатында мониторинг күчөтүлүп, ведомство аралык жумушчу топ түзүлдү. Ар бир бала билим алууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн жана система үзгүлтүксүз иштеши үчүн аракеттер көрүлүүдө.
Зарыл болгон учурда айрым райондордогу бала бакчаларда кошумча класстар ачылат. Бирок негизги максат – мектептерде окутууну камсыз кылуу.
Келечекте мындай көйгөйлөрдү болтурбоо үчүн:
• Системанын техникалык базасын жаңылоо;
• Сервердик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү;
• 2026-жылдагы кабыл алууга алдын ала даярдык көрүү пландалган (анда каттоо бир гана класс үчүн жүрөт).
Билим берүү системасынын санариптик трансформациялоо тездик менен уланууда
Санариптештирүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги тарабынан санариптик билим берүү платформаларынын экосистемасы түзүлүп, активдүү өнүгүүдө:
* bilim.gov.kg – билим берүү боюнча бардык негизги кызматтарга кирүү үчүн бирдиктүү портал;
* balalyk.edu.gov.kg – мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн система;
* 1mektep.edu.gov.kg – 1-класска кабыл алуу үчүн платформа;
* kundoluk.edu.gov.kg – окуу процессин башкаруу системасы;
* attestat.edu.gov.kg – аттестаттардын жана күбөлүктөрдүн реестри;
* diplom.edu.gov.kg – бардык деңгээлдеги дипломдордун реестри;
* kesip.edu.gov.kg – кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу үчүн платформа;
* is.edu.gov.kg – мектептердин инфраструктурасын мониторингдөө системасы;
* mugalim.edu.gov.kg – педагогикалык кадрлардын улуттук резерви;
* stem.edu.gov.kg – STEM-предметтери боюнча санариптик билим берүү платформасы;
* academy.inaqa.com – онлайн окутуу платформасы, 3 600дөн ашык адам окуудан өттү;
* Мугалимдерди көз карандысыз сертификаттоо системасы ишке киргизилди (иш берүүчүлөр катышууда).
Бул санариптик чечимдер билим берүүнүн бардык баскычтарын – мектепке чейинки билим берүүдөн баштап кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүүгө чейин камтып, ачыктыкты жана жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга багытталган.
Инклюзивдик билим берүү: Ар бир бала мааниге ээ
2024 – 2025-окуу жылында Агартуу министрлиги билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн бардык балдар үчүн, анын ичинде өзгөчө билим берүү муктаждыктары (ӨБМ) бар балдар үчүн, камсыз кылуу иштерин улантты. Өлкө боюнча 650дөн ашуун мектеп инклюзивдик практикаларды киргизсе, аймактарда ресурстук борборлордун тармагы кеңейип жатат.
Жеке муктаждыктарга ылайыкташтырылган ийкемдүү окутуу формалары: «Тунгуч» онлайн-мектеби аркылуу дистанттык билим берүү, жекече жана үй-бүлөлүк окутуу формалары киргизилүүдө. Окуу программалары жаңыланууда. Мугалимдер инклюзия маселелери боюнча атайын даярдыктан өтүшүүдө.
Санариптик чечимдерге өзгөчө көңүл бурулууда. 2024-жылы Кыргызстан «Өкмөттүк акселераторлор» программасына кошулуп, анын алкагында ӨБМ бар балдарды коштоп туруучу санариптик платформа жана ата-энелер, мугалимдер жана адистер үчүн онлайн куралдар иштелип чыгууда. Бул санариптик кызматтар 2025-жылдын аягына чейин 3000ден ашык баланы камтыйт деп пландалууда.
2025-жылдын 27-майында Бишкекте Европа Биримдиги тарабынан каржыланган Twinning – «Инклюзивдик жана STEAM билим берүүнү илгерилетүү» долбоору башталды. Долбоор Литва мамлекети менен өнөктөштүктө ишке ашырылып, инклюзивдүү чөйрөнү өнүктүрүүгө, окутуунун ыкмаларын жаңыртууга жана мектептерди каржылоону жакшыртууга багытталган. Алдынкы эки жыл ичинде литвалык эксперттер кыргыз мектептери менен иштешип, мугалимдерди окутуп жана инклюзивдик мыкты тажрыйбаларды жергиликтүү шарттарга ылайыкташтырат.
Эл аралык ийгиликтер
2025-жылы кыргызстандык мектеп окуучулары эл аралык олимпиадаларда медалдарга ээ болушту: химия боюнча Менделеев олимпиадасында, математика жана информатика боюнча Аль-Хорезми олимпиадасында. Бул – таланттуу окуучуларды колдоо жана алардын потенциалын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы.
Кагаз иштери азайып, окуучуларга көбүрөөк көңүл бурулууда
Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, мугалимдердин жүгүн азайтуу жана окутуу процессине көбүрөөк убакыт бөлүү максатында, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги жалпы билим берүү уюмдарындагы отчёттук документтерди кыскартуу жана санариптештирүү боюнча иш-аракеттерди жүргүздү.
2025-жылдын 22-апрелиндеги №432/1 буйрукка ылайык мугалимдерден талап кылынган отчёт формаларын талдоочу жумушчу топ түзүлүп, отчёттор маанилүүлүгүнө жараша классификацияланып, көбүн санарип форматка өткөрүү боюнча сунуштар иштелип чыкты. Бул үчүн «E-Kyzmat» платформасы колдонулат.
Санариптик чечимдердин натыйжасында мугалимдердин кагаз отчёттуулугу 80% чейин кыскарды. Ошондой эле соңку 25 жылдагы аттестаттар жана дипломдор санариптик форматка өткөрүлө баштады – жакын арада аларды онлайн алууга мүмкүн болот.
Кесиптик билим берүү: окуп, акча табууга мүмкүн
Кыргызстанда 93 баштапкы кесиптик билим берүү уюму иш алып барып, аларда 26 миң студент билим алууда. 2024-2025-окуу жылында 16 500 бала 1-курска кабыл алынып, кабыл алуу планы 100% аткарылды.
Бүтүрүүчүлөрдүн 67 пайызы ишке орношуп, 15 пайызы өз алдынча ишкерлик менен алектенүүдө. Билим берүү 120дан ашык кесип боюнча жүргүзүлөт, анын ичинде кыска мөөнөттүү курстар бар – булардан 12 миңден ашык жаран өттү.
Кесиптик лицейлердин 68 пайызы дуалдык окутуу ыкмасын (окуу менен өндүрүштүк практиканын айкалышын) ишке ашырды. 71 лицей 170 ишкана менен кызматташып, 5000ден ашык окуучу практика өтүүдө. 2024-жылы алар биргелешип 83 млн сомдон ашык каражат табышкан.
Кыргызстан WorldSkills-2025 чемпионатына катышып, үч окуучу дүйнөлүк финалга өттү. Россия менен ИТ багытында эки дипломдук долбоор ишке ашып, №99 лицейдин бүтүрүүчүлөрү окуусун Россиянын колледждеринде улантууга мүмкүнчүлүк алышты.
Санариптештирүү активдүү жүрүүдө:
* электрондук кабыл алуу жана электрондук журнал киргизилди;
* жумушсуздар үчүн kesip.edu.gov.kg платформасы түзүлдү;
* 3600дөн ашуун адам academy.inaqa.com онлайн платформасында билим алды;
* иш берүүчүлөр катышкан көз карандысыз сертификация системасы иштей баштады.
Инфраструктура да өнүгүүдө:
* Чүй облусундагы №47 лицей оңдолду;
* Ош шаарында Next Generation Hub инновациялык борбору ачылды;
* Азия өнүктүрүү банкынын долбоору аркылуу 17 лицей модернизацияланды;
* Баткен облусундагы кыздар ICT4Girls долбоору аркылуу программалоону үйрөнүшүүдө.
Аймактарда жана Бишкекте жумушчу кесиптерди жайылтуу үчүн кесиптер фестивалдары өтүп, лицейлер тууралуу видеороликтер даярдалып, жайгаштырылды.
Кыргызстандагы башталгыч кесиптик билим берүү системасы заманбап, ийкемдүү жана эмгек рыногунун реалдуу талабына ылайык өнүгүүдө.
2025 – 2026-окуу жылына пландар:
* Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну 60 пайызга жеткирүү;
* Мектепте жаңы стандарттарды жана окуу китептерин ишке киргизүү;
* Санариптештирүүнү тереңдетүү – электрондук окуу китептеринен тартып онлайн-кызмат көрсөтүүлөргө чейин;
* Биринчи мамлекеттик «Тунгуч» онлайн-мектебин ишке киргизүү;
* Эл аралык олимпиадаларга катышкан окуучуларды колдоо;
* Иш берүүчүлөрдүн колдоосунда мектептер менен кесиптик окуу жайларды байланыштыруу;
* Mugalim системасында мугалимдердин жекече санариптик портфолиосун киргизүү;
* Педагогдорду жылына кеминде 100 сааттык милдеттүү программаны камтыган онлайн окутуу.
“Алтын Казык” программасы – ар бир баланын, мугалимдин жана бүткүл өлкөнүн келечеги!