Автор: Маалыматтык саясат сектору
5 Июнь 2025 ж. 17:51
Көрүлдү: 922
2025-жылдын 10-июнунда (шейшемби), саат 14:00дө И. Арабаев атындагы Кыргыз улуттук университетинин конференц-залында Илимий китепканада (2 кабат, Бишкек шаары, И. Раззаков көчөсү 51 А,) 2024–2025-окуу жылынын жыйынтыктарына арналган пресс-конференция өтөт.
Пресс-конференциянын темасы:
«2024–2025-окуу жылынын жыйынтыгы: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечекке пландар. 2025-жылдын 2-июнунан баштап 1- жана 2-класстарга балдарды кабыл алуу боюнча».
Пресс-конференциянын жүрүшүндө министрликтин өкүлдөрү жана эксперттер 2024–2025-окуу жылынын негизги жыйынтыктарын, жаңы билим берүү стандарттарын жана санариптик чечимдерди киргизүү пландары тууралуу айтып беришет. Ошондой эле, 2025-жылдын 2-июнунан тартып башталган 1- жана 2-класстарга балдарды кабыл алуу процесси тууралуу да маалымат берилет.
Пресс-конференциянын катышуучулары:
Журналисттерди, редакторлорду, телеканалдардын жана интернет-ММК өкүлдөрүн, блогерлерди иш-чарага активдүү катышууга, суроолорду берүүгө жана расмий маалыматты түздөн-түз алууга чакырабыз.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин маалыматтык саясат бөлүмү