ЖРТ СЕРТИФИКАТЫ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ БОЮНЧА ТЕСТ ТАПШЫРЫЛГАН УЧУРДА ГАНА БЕРИЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

5 Июнь 2025 ж. 13:45

Көрүлдү: 1225

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 191/1 буйругуна ылайык ЖРТнын негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырган учурда гана берилет.  Эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырбаса, анда ага ЖРТнын негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы берилбейт.

post.title

Белгилей кетчү нерсе, мамлекеттик тил боюнча тесттин жыйынтыгы Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшырууда эч кандай таасир этпейт. 
Эгерде кандайдыр бир себептер менен ЖРТнын I-II этабында мамлекеттик тил боюнча тест тапшырылбай калган болсо, анда аны ЖРТнын III этабында Бишкек жана Ош шаарларында гана 2025-жылдын 21-июнунда тапшырууга мүмкүнчүлүк бар. ЖРТга каттоо же кошумча каттоо 2025-жылдын 10-июнунан 18-июнуна чейин Бишкек шаарында №24 А. Токтомбаев атындагы мектеп гимназиясында, Ош шаарында Ош шаардык билим берүү башкармалыгында жүргүзүлѳт.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун билдирүүсү боюнча үстүбүздөгү жылдын май айында ЖРТны тапшырган абитуриенттердин 179у мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырган эмес.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар