ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ КОНЦЕПЦИЯСЫ ИШТЕЛИП ЧЫКТЫ

Автор: Маалыматтык саясат сектору

4 Июнь 2025 ж. 17:42

Көрүлдү: 820

Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда Бишкекте өлкөнүн агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен жолугушту. Анда климаттын өзгөрүшү жөнүндөгү темаларды билим берүү системасынын бардык деңгээлдерине интеграциялоо маселелери каралды. Жолугушууга министрдин орун басарлары Надира Джусупбекова, Альберт Махметкулов, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Самман Жунг Тапа жана уюмдун башка өкүлдөрү да катышты.

post.title

Талкуунун жүрүшүндө климаттык жана экологиялык темаларды окуу программаларына – мектепке чейинки билим берүүдөн баштап жогорку билим берүүгө чейин киргизүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар экологиялык дисциплиналарды натыйжалуу окутуу үчүн педагогдордун квалификациясын жогорулатуу зарылдыгын дагы талкуулашты.

Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстандагы климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин эске алуу менен климаттык билим берүү боюнча долбоорду ишке ашыруу туруктуу билим берүүнүн негизин түптөөгө өбөлгө түзөрүн айтты. Министр мектептерди жана мугалимдерди керектүү материалдар менен камсыз кылуунун жана райондордон баштап билим берүү түзүмдөрүн колдоону күчөтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Демилгенин максаты өсүп келе жаткан муунду климаттык жана экологиялык чакырыктарга активдүү жооп берүүгө даярдоо болуп саналат. Жолугушуунун соңунда тараптар сунушталган Концепцияны ишке ашыруу үчүн конкреттүү кадамдарды белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар