Автор: Маалыматтык саясат сектору
3 Июнь 2025 ж. 18:05
Көрүлдү: 1757
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Тунгуч” онлайн мектебине мугалимдерди ишке кабыл алуу боюнча эл аралык конкурс жарыялайт.
Конкурстун максаты жалпы орто билим берүү предметтери боюнча электрондук окуу китептерин иштеп чыгууга жана онлайн сабактарды өткөрүүгө жөндөмдүү квалификациялуу мугалимдерди тандоо болуп саналат.
Конкурс тиркелген жобого ылайык өткөрүлөт.
Кошумча суроолор боюнча Мектептин администрациясына төмөнкү координаттар аркылуу кайрылууга болот: э-почта дареги: tunguch2528@gmail.com же уюлдук тел.: +996 706 555 636.