Автор: Маалыматтык саясат сектору
3 Июнь 2025 ж. 15:58
Көрүлдү: 1079
Билим берүү жана илим министрлиги 2025-жылдын 3-июнунан тарта 1 жаштан 6 жашка чейинки балдар үчүн пилоттук режимде 1000 ваучер бөлүнүп, balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу электрондук өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталганын маалымдайт.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин калктын социалдык жактан аярлуу катмарларындагы балдар үчүн мектепке чейинки билим берүү кызматтарын каржылоонун ваучердик механизмин пилоттук апробациялоо жөнүндө токтомун ишке ашыруу максатында, жеке менчик бала бакчаларга тартуу үчүн жүзөгө ашырылууда.
Кошумча маалымат: balalyk.edu.gov.kg